манас

Сейрек китепке айланган бириктирилген варианттар академик Абдылдажан Акматалиев менен Китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов жетектеген чыгармачыл топ тарабынан кайрадан даярдалып, басылып чыкты.

“Манас”  эпосунун  тексттерин окурмандарга улам-улам жеткирип, элдин аң-сезимине сиңирип, ар-намыстуулукка, гуманизмге, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялоо негизги милдеттердин бири болуп саналат. Мына ушундай эпостун текстеринин бири – өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында көп талкуулардан кийин Б.Юнусалиев, М.Ауэзов, А.Токомбаев, Т.Сыдыкбеков, К.Маликов, Б.Керимжанова, Ө.Жакишов, К.Асаналиев  тарабынан түзүлгөн бириктирилген варианттары. Биздин  алгачкы интеллигенция өкүлдөрү жана жалпы эле калайык-калк кызуу кабыл алган бул “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги азыркы учурда өтө зарыл.

Ал кошмо варианттарда манасчылар С.Орозбаков, С.Каралаев, Тоголок Молдо, Ш.Рысмендеев, М.Мусулманкуловдордун тексттери пайдаланылган. Бул тууралуу КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү маалымдады.