касым

КРнын мамлекеттик 8 сыйлыгынын ордуна өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн кыйла тездетүүгө алып келүүчү илим жана техника тармагындагы эң көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн мамлекеттик 5 сыйлык уюштурулду. Бул тууралуу КРнын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартибин өркүндөтүү максатында «Кыргыз Республикасынын президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө» ушул жылдын 20-октябрында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкта айтылат.

Мамлекеттик сыйлыктардын бирине Касым Тыныстановдун ысымы ыйгарылды. Ал сыйлык мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өбөлгө болгон эң көрүнүктүү илимий эмгектер үчүн ыйгарылат. Андан тышкары, мамлекет башчысынын тарыхый илимди өнүктүрүү боюнча мурда кабыл алынган чечимдерин, ошондой эле гуманитардык тармактын башка багыттары боюнча изилдөөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик сыйлыктардын бири гуманитардык илимдер тармагындагы илимий эмгектер үчүн ыйгарылат.

КР президентинин ушул жарлыгы мамлекеттик сыйлыктарга сунушталган илимий эмгектерге карата коюлган талаптарды күчөтүүгө, ошондой эле илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыктардын баркын көтөрүүгө жана маанисин арттырууга багытталган.

Тактап айтканда, илим жана техника тармагындагы илимий эмгектер жана иштеп чыгуулар Кыргызстан үчүн актуалдуу болгон проблемаларды чечүү боюнча илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын камтууга жана КРнын экономикасынын натыйжалуулугун арттырууга жана жарандардын жашоосун жакшыртууга олуттуу таасир тийгизүүгө тийиш.

Мындан тышкары илимий эмгектер жарыяланууга, анын ичинде чет элдик басылмаларда басылууга, ал эми техниканын, материалдын жана технологиянын жаңы түрлөрү мамлекеттик сыйлык алуу үчүн сунушталган учурга карата кеминде эки жылдын ичинде өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.

Андан сырткары табигый жана техникалык илимдер жагындагы илимий эмгектер акыркы 20 жылда жетишкен, ал эми гуманитардык илим жагында – акыркы 10 жылда жетишкен илимий натыйжаларды камтууга тийиш (гуманитардык илим жагындагы илимий эмгектер кайрадан басылып чыгууга тийиш).

КРнын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Илим күнүнө – 10-ноябрга карата ыйгарылат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Булак: Баракелде