28-номер6Кыргызстан Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Асанбек Алымкожоевге Баткен окуясынын айланасында кыска суроолор менен кайрылдык.

– Асанбек мырза, ушул тарыхый окуяга 15-жыл өтүп кетиптир. Ошол учурдагы абал жөнүндө айтып өтсөңүз?

– 1999-жылы Эл аралык террористтердин чабуулуна туш болдук. Чындыгында, ошол учурда күч органдары согушка даяр эмес экенин көрсөттү. «Аз сандагы террористтик топту тез арада жок кылууга күчүңөр жетпеди» деп коомчулукта айтылып келет. Кол салган террористтик топтор 10 жылдан бери катуу даярдыкта келе жаткан күчтүү куралдуу топтор экенин көрсөтүштү. Алардын бирөөсү дагы өз каалоосу менен багынып берген жок. Алардын максатында артка чегинүү же болбосо багынып берүү деген ойлоруна келген эмес. Өлүмгө гана бет алган топтор болчу. Мына ушундай катуу даярдыктагы жан кечтилерди жок кылууга биздин Куралдуу Күчтөр чоң аракеттерди жумшады. Ушуга окшогон эле террористтик топтор Афганистан, Сирия, Иракка кол салып башкаруу бийлигине ачыктан ачык каршы чыгып, согуш жарыялап жатат. Мындай топтор менен бир гана Кыргызстан күрөшпөстөн көптөгөн күчтүү, улуу держава мамлекеттер күрөшүп келүүдө. Ошентсе да, булар күчүн жоготпой кармашты улантууда. Буларды курал менен камсыздап, ийри суммада каржы бөлүп турган күчтүү топтор артында турушат. Бир гана Кыргызстанга эмес, эл аралык деңгээлдеги коркунуч алып келе турган олуттуу көйгөй терроризм менен күрөшүү болуп турат.

-Башкача айтканда, Кыргызстан ошол жылдары биринчилерден болуп, терроризмге бетме-бет каршы чыкканда?..

-Ооба. Биздин чек араны бузуп кирген Өзбек ислам кыймылы болчу. Алар ачык эле бизге айтышты. «Кыргыздар, силер жөн эле бизди кое берип койгула. Биз өзбектер менен согушабыз. Силерге тийбейбиз. Болгону силердин чек араңар аркылуу кол салышыбыз керек» деп турушту. Бирок, биз алар менен сүйлөшүүгө барбай, тескерисинче аларды талкалап, жок кылдык. Ошол учурда Өзбек бийлиги да бизди колдоп турду. Анткени, ошол кезде өзбектердин да кызыкчылыгын коргогонбуз.

-Бүгүнкү күндө Куралдуу Күчтөрдүн мекенди коргоо боюнча даярдыгы кандай?

-Биринчиден, Куралдуу Күчтөр мамлекеттин экономикасына жараша болот. Бүгүнкү күндө заманбап согуш куралдары өтө эле өнүкпөдүбү. Биздин мамлекет дагы ошондой заманбап, азыркы шартка ылайыктуу куралдар, аскер самолет, ракета сыяктуу көптөгөн аскер куралдарына муктаж. Бирок, биз колубуздан келген, колубузда бар куралдар менен ар кандай кырдаалдагы мамлекеттин тынчтыгын буза турган топторго катуу даярдыкта турабыз.

Максат ИСАБЕКОВ