30-октябрдан 2-ноябрга чейин Малайзиянын Путраджая шаарында кыргызстандык кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлат жана чыгармачыл жамааттар өнөрлөрүн көрсөтүшөт. КРнын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Ислам искусствосу жана маданияты эл аралык фестивалынын алкагында “Ислам дүйнөсүнүн кереметтери” аталышында уюштурулат.

Маалым болгондой, фестивалдын жүрүшүндө заманбап дүйнөдө исламды өнүктүрүү боюнча форум, ислам адабияты жана китептеринин эл аралык көргөзмөсү, көркөм сүрөт жана каллиграфия эмгектеринин, кол өнөрчүлүк жана мода көргөзмөлөрү, концерт уюштурулат. Анда кыргызстандыктардын республиканын тарыхы жана туристтик потенциалы тууралуу көрсөтүлгөн материалдары илинип, эл аралык көргөзмө залына кыргыз чеберлеринин колунан даярдалган улуттук сувенирлер орун алат. Ал эми “Доор” фольклордук-этнографиялык ансамбли, “Акак” комузчулар ансамбли жана “Шаттык” бий ансамбли өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Булак: super.kg