бала бак

КР Өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте “Мен зомбулукка каршымын!” аттуу балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн жана катаал мамилелердин алдын алуу боюнча маалыматтык өнөктүктү баштоодо.

Ал балдарга карата зомбулук көрсөтүү окуяларынын көбөйүшүнө карата жооп катары саналат.  Саламаттыкты сактоо министрлигинин  маалыматына ылайык, республикада өткөн жылдын 9 айында жалпысынан 92 зомбулук катталган, анын 42%ы  балдарга каршы орун алган.

2014-жылы ЮНИСЕФ Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, ага ылайык, 1 жаштан 14 жашка чейинки балдардын 57%дан ашууну ата-энелер тараптан психологиялык агрессияга жана уруп-согуп  жазалоого дуушар болот.

Маалыматтык өнөктүктүн жыйынтыгында коомчулук (балдар) эгерде адам зомбулук курмандыгы/күбөсү болсо  же кооптонууну сезсе эмне  кылуу керектиги, ал эми ата-эне, мугалимдер жана коомчулук үй-бүлөдөгү зомбулуксуз ыкмалар тууралуу маалымат ала алышат.

Маалыматтык бул өнөктүк  Улуу Британия элчилигинин финансылык колдоосу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат.

Таалайбек ТЕМИРОВ