Гунндардын мезгилине тиешелүү болгон жана жеке менчикте сакталып келген «Үмүткөр» зер буюму Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө чыгарылган. АКИpress агенттигине маданият министрлигинин статс-катчысы Марлен Соляной билдиргендей, аталган министрлик бул буюмдарды чыгарууга уруксат берген эмес.

Мурдараак маалымдалгандай, ушул жылдын 3-декабрдында Лондондо (Англия) белгилүү «Сотбис» аукциону өтүп, анда Кыргызстандан барган 5-кылымдагы зер буюмдар сатылгандыгын «Сотбистин» сайты жарыялаган.

«Маданият министрлиги көрсөтүлгөн сүрөттөр боюнча чыгарылган эксперттик корутунду берген. Корутундуда зер буюмдар сары металлдан жана кызыл таштардан жасалгандыгы маалымдалат. Бирок, алар зер буюмдардын өзүн көрбөгөндүктөн так экспертиза болгон эмес. Анын үстүнө чыгарып кетүүгө уруксат документтер берилген эмес», – деди М.Соляной.

Архивдер толугу менен каралгандыгын, бирок ал жакта документтер жок экендигин белгиледи.

«Буга байланыштуу чыгарып кетүү мыйзамсыз болгон. Себеби, маданий мурастарга таандык болгон буюмдарды өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат документтер болгон эмес», – деп кошумчалады М.Соляной.

Соляной буга катар эле сүрөттөр боюнча берилген эксперттик корутундуда, бажыдан зер бумдарды баалуу эмес деп эсептеп жана кое беришкен болушу мүмкүн деп айтылгандыгын билдирди.

«Азыр бул маселени изилдөө процесси жүрүп жатат. Анын ичинде эксперттик корутунду берген адистердин да катыштыгы каралууда», – деди ал.

fe0077b87d770e91137277466e1c681b_500_0_0

90c5bfdd39079045cbf83d4a25bbeb1a_500_0_0
Булак : Баракелде