Өлтүрүлгөн денеде физикалык күч колдонуулардын белгилери бар. Бул тууралуу бүгүн АКИpress агенттигине булактар билдиришти.

Криминалдык авторитет Алмамбет Анапияев болушу мүмкүн делген кыйналып өлтүрүлгөн денени Белорусиянын полициясы тапкан.

Өлгөн дене табылган Белорусиянын борборундагы батирди тинтүү учурунда, Россия Федерациясынын жараны 1974-жылы туулган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин наамына берилген паспорт табылган.

Анда чапталган сүрөт боюнча өлтүрүлгөн адам Алманбет Анапияевге окшош.

ИИМден АКИpress агенттигине, ведомстводо азырынча маалыматтар жок экенин билдирди.

АКИpress’тин булактары дене табылган жерден сүрөттөрдү беришти.

c9ba277d74a9cd1a34ca10895557944a

Абайлаңыз! Сүрөттө өлгөн дене тартылган (көрүү  үчүн аны бир жолу басыңыз):

e5a9fc436618f7a8f9b4cabe1e7abe4f