Сауд Арабиясындагы өлүм жазасына каршылык акциясы

Сауд Арабиясындагы өлүм жазасына каршылык акциясы

Сауд Арабиясынын бийлиги Меке шаарында теги Бирмадан, бирок Арабияда жашаган Лейла бинт Абдул Мутталиб Басим аттуу аялды эл алдында өлүм жазасына тартты. Бул окуя эл аралык укук коргоочулар тарабынан катуу сынга дуушар болду деп жазат The Independent гезити.

Аялга жети жаштагы өгөй кызына сексуалдык кордук көрсөтүп, сабап, өлтүрдү деген айып коюлган. Арабиялык укук коргоочу активист Мохаммед ал-Саадинин айтымында, бул өлкөдө кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуунун эки ыкмасы бар. Биринчиси – ооруну сезбей турган дары сайып өлтүрүү, экинчиси – эч кандай дары сайылбай эле эл алдында кылыч менен башын алуу.

Төрт полиция кызматкери тарабынан Мекенин башкы аянтына алынып чыгып, башы алынган аялга ооруну сездирбеген дарылар сайылган эмес. Укук коргоочу ал-Саади “демек бийлик бул аялды ооруну болушунча сезсин деген”, – деди Middle East Eye басылмасына.

Жакында эле Сауд Арабиясында “Эркин Сауд Либералдары” аттуу веб-баракча ачып, ойлорун жазган блогчу Раиф Бадавини бийлик камакка алып, миӊ балак жана он жылдык абак жазасын берген. Бул чечим тууралуу Human Rights Watch уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка чөлкөмү боюнча директору Сара Ли Уилсон: “Сауд Арабиясы сөз эркиндигин чектеп, блогчулардын көз карандысыздыгына шек келтирүүдө”, – деп айткан The Independent гезитине.

Бактыгүл Чыныбаева, Азаттык