kor

Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасынын директору Гүлжигит Аалиевдин айтымында, азыр өлкөдө күчөп жаткан кызамыктын оор формасы болгон кызылча илдети Кыргызстанга мигранттар аркылуу коӊшу Казакстан же Орусиядан келген. Азыркы тапта бул илдет менен аталган жайга кайрылгандардын саны 300гө жетип, кошумча 7 бөлүм ачылды. Бирок оору бул темп менен өөрчүсө бейтаптар жата турган орун жок калышы ыктымал. Кызылчанын ылдам темпте күчөп кетүүсүнө адистер убагында бул илдетке карата эмделбей калуу, азыркы учурда диний көз караштан улам балдарын эмдеттирүүдөн баш тарткандар жана миграция себеп болууда деп айтышууда. 15-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек жана Чүйдө өзгөчө күчөп жаткан кызылча илдетинин себептерин, ага каршы эмдөөлөрдүн тартибин изилдеп чыгуу үчүн атайын буйрук чыгарган.

Бул оорунун негизги белгилери: адамдын дене табы көтөрүлүп, кургак жөтөл пайда болот жана мурундан суу агат. Көз кызарып, коньюктивит пайда болот. Оору жуккандан кийин үчүнчү күнү денеде кызыл майда тактар чыгат. Адистер атуулдарды убагында балдарды илдетке каршы эмдетүүгө чакырышууда.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА