777

(Уландысы, башы өткөн санда)

ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУ

Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларынын электр тармактарын модернизациялоонун үч жылдык программасы аяктады. Узундугу 140 км болгон “Айгүлташ-Самат” 110 кВ электр өткөргүч линиясы жана “Самат” көмөкчү чордону курулду, алар Баткен облусунун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылат.

Өлкөнүн түштүгүнүн көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана Төмөнкү-Нарын ГЭС каскадынын генерациясын толук берүү үчүн 2013-жылы “Датка” 500 кВ көмөкчү чордонунун узундугу 248,6 км болгон 220 кВ электр өткөргүч линиясынын курулушу жана 220 кВ беш көмөкчү чордонунун реконструкциясы аяктады.

Толук энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу жана өздүк энергетикалык алкакчаны түзүү үчүн “Кемин” 500 кВ көмөкчү чордонунун курулушу аяктоодо. “Датка-Кемин” 500 кВ ЛЭПти жана жалпы кубаттуулугу 237,7 МВТ болгон гидроэлектр чордондордун Жогорку-Нарын каскадын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Экспорттук коридорлорду диверсификациялоо үчүн “CASA-1000” долбоорунун алкагында “Датка-Ходжент” 500 кВ ЛЭПти (Тажикстан) куруу боюнча иштер жүрүп жатат.

Суу режимине көз каранды болбогон базалык жана кепилденген электр кубаттуулугун түзүү үчүн кубаттуулугун 300 МВТга көбөйтүү менен Бишкек шаарынын ТЭЦин модернизациялоо башталды жана от казан агрегаттары ата мекендик көмүрдү жагууга ылайыкташтырылат. Чакан гидроэнергетика чөйрөсүндө төрт чакан ГЭСти куруунун техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип чыкты.

“Газпром” ААКсы менен түзүлгөн Макулдашуунун алкагында газ инфраструктурасын модернизациялоого жана реконструкциялоого 20 млрд. рубль өлчөмүндө инвестицияларды тартуу жана республиканын түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү газ түтүгүн куруу жөнүндө келишимге  жетиштик.

Республиканын Токтогул гидроэлектр чордонун реабилитациялоо боюнча долбоор ишке ашырыла баштады, ал иштөө мөөнөтүн дагы 30-40 жылга узартууга мүмкүндүк берет.

Көмүр тармагын өнүктүрүү үчүн бизде көмүрдү альтернативдүү энергетикалык ресурстарга кайра иштеп чыгуу боюнча технологияларды ишке киргизүү мүмкүндүгү жөнүндө маселе каралып жатат.

Кабыл алынган чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун арттырууга мүмкүндүк берип, энергия менен камсыз кылуунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга салым кошоору күтүлүүдө.

КОММУНИКАЦИЯЛАР, ТРАНСПОРТТУК ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ

2014-жылы “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү автомобиль жолун куруу башталды. Ушул коридордун аркасынан өлкөбүздүн түштүк жана чыгыш облустарынын ортосундагы аралык дээрлик 200 километрге кыскарат жана жаңы товардык маршруттар ачылат.

Өлкөбүздүн дээрлик бардык региондорунда жана ири шаарларында автомобиль магистралдарын реконструкциялоо жана куруу жүрүп жатат.

 

2012-2014-жыл ичинде республика боюнча Бишкек шаары боюнча
419,7 км жол асфальт бетон менен төшөлдү, анын ичинде:

– 2012-жылы – 144 км;

– 2013-жылы – 122,2 км;

– 2014-жылы – 153,5 км.

Учурдагы 510,1 км жол жакшыртылды жана оңдолду, анын ичинде:

– 2012-жылы – 119 км;

– 2013-жылы – 166,5 км;

– 2014-жылы – 224,6 км.

2010-2014-жылдары Бишкек шаарында 118 км жол курулду жана реконструкцияланды
326,6 км шагыл жол оңдолду  

Автомобиль жолдорун куруу боюнча  эл аралык 7 долбоордун ичинен негизги көлөмдөр 6 долбоор боюнча аяктады:

•    258 км Ош-Сарыташ-Иркештам автожолу.

•    136 км Сарыташ-Карамык.

•    Ош-Баткен-Исфана, 155-220 км тилкесиндеги Сох анклавынын тегерегинде айланып өтмө жол, узундугу – 65 км.

•    8,6 млн. евро суммасына узундугу 14,7 км болгон Көк-Талаа – Пүлгөн автожолунун участогу курулууда.

•    Узундугу 125 км болгон, 220-232 км жана 248-360 км тилкесинде Ош-Баткен-Исфана автожолунун участокторун, ошондой эле Бишкек-Балыкчы автожолунун участокторун реабилитациялоо башталды. Долбоор $ 129,8 млн. суммасында Кытай Эл Республикасынын Эксимбанкы тарабынан каржыланууда.

•    Бишкек-Балыкчы жолу 147-172 км тилкесинде, узундугу – 230 км, өздөштүрүүнүн жалпы суммасы 17,6 млн. АКШ долларын же контракттык нарктын 45,8%ын түзөт.

•    Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 9-272 км участокторунда курулуш иштери улантылууда, анын узундугу – 230 км. Аткарылган иштердин жалпы суммасы 192,3 млн. АКШ долларын же контракттык нарктын 96,2%ын түзөт.

2014-жылдын ноябрында $36,97 млн. суммасына Баткен облусунда 56 км жол участогун каржылоо боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду.

Дүйнөлүк банк Борбордук Азияда жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программанын биринчи фазасынын алкагында курулуш иштерин каржылоого даяр. Бул макулдашуунун алкагында Ош, Баткен, Исфана шаарларын байланыштыруучу жолдордун бойлору жана ага жакын жерлер Баткен облусунда болжол менен 56 км жол участогун куруу иштери каржыланат.

Бул участоктор Кыргыз Республикасын коңшу мамлекеттер менен бириктирет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

Исфана—КПП Кайрагач/Маданият (36,08 км),

Баткен—Төрткүл (14,30 км),

Баткен—КПП Кызыл-Бел/Гулистон (6,11 км)

ИНТЕГРАЦИЯЛЫК ПРОЦЕССТЕР (Бажы союзуна кошулуу)

2012-жылы Кыргызстандын Өкмөтү Бажы союзуна (БС) жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) кошулуу боюнча сүйлөшүүлөргө даярдыгы жөнүндө билдирди.

Ошол учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан түзүлгөн эксперттик жумушчу топ Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуусу боюнча иш-чаралардын планынын (Жол картасынын) үстүндө кылдаттык менен иштеди.

2014-жылдын 29-майында Астанада төрт мамлекеттин: Кыргызстандын, Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Белоруссиянын Президенттеринин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинде Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуусу боюнча Жол картасын жактыруу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюлган.

Бул документти – Жол картасын иштеп чыгууга кеткен ушунчалык узак мөөнөт – 3 жыл тышкы соода саясатынын, бажы эрежелеринин, ошондой эле санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык контролдоо жаатында жөнгө салуунун Бажы союзунун колдонуудагы эрежелерине салмактуу өтүшү үчүн Бажы союзуна катышуучу өлкөлөрдүн, эң оболу Кыргыз Республикасынын позициясын макулдашуу үчүн зарыл болгон.

Ошону менен катар башка экономикалык блоктордо, атап айтканда Европа союзунда өткөн окшош интеграциялык процесстерге талдоо жүргүзүү, кошулуу мезгилинде кыйла чабал экономикаларды колдоо зарылдыгын көрсөткөн. Бул атамекендик эксперттердин изилдөөлөрү менен ырасталган. Ушуну эске алуу менен Бажы союзунун өнөктөштөрү менен БС аймагына кирүүнүн баштапкы мезгилинде Кыргызстанды экономикалык колдоонун зарылдыгы жөнүндө сүйлөшүүлөр кош өткөрүлгөн.

2014-жылдын башында россиялык тарап менен бирдикте Бажы союзунун (БС) шарттарына адаптациялануу мезгилинде Кыргызстанга экономикалык жактан жардам берүүнүн негизги принциптери, мамилелери жана формасы иштелип чыккан. Бул кадам биздин өлкөбүзгө кошулуу тобокелдигин, биринчи кезекте жумушсуздуктун өсүшүн, негизги керектөө азыктарына бааларды төмөндөтүүгө жана биздин жарандарыбыздын кирешелерин БС өлкөлөрүнүн кирешелеринин деңгээлине теңдөө процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет;

Жыйынтыгында 2014-жылдын 29-майында Астанада Кыргызстан жана Россия жалпы капиталы миллиард АКШ доллары болгон Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол койгон. Бул сумманын жарымы зайым болуп саналат жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жеңилдетилген шарттарында берилет. Макулдашуу КР жана РФ Өкмөттөрү тарабынан жактырылган. Төмөнкүлөр инвестициялоонун жана каржылоонун негизги багыттары болот:

–    агроөнөр жай комплекси;

–    кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы;

–    кайра иштетүү өнөр жайы;

–    тоо-кен казуу жана металлургия өнөр жайы;

–    транспорт;

–    турак-жай курулушу;

–    соода-сатык;

–    ишкерликти өнүктүрүү;

–    инфраструктураны өнүктүрүү.

Алдын-алуу баа берүүлөр боюнча бул Фонд тарабынан инвестициялык пакетти ишке ашыруунун натыйжасында болжол менен 840 миң адам иштеген секторлордо жумуш орундары сакталат жана кошумча 24,5 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт. Бул терс социалдык кесепеттерди жоюуга жана өлкөдө туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, Жол картасын ишке ашыруу үчүн Россия акысыз колдоо көрсөтүү катары 200 млн. АКШ долларын бөлүп берүүдө.

2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында БЭМге кошулуу боюнча Жол картасын жактыруу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Кыргызстанды колдоо зарылдыгы жөнүндө түшүнүүнү Казакстан да билдирүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Астанага болгон расмий сапарынын жүрүшүндө Казакстан тараптан БСга жана БЭМге кошулуу боюнча Жол картасын ишке ашырууга кошумча 100 млн. АКШ долларын бөлүп берүүгө даярдыгы билдирилген.

ЕАЭСке кошулуу бажы түшүүлөрүнөн өлкөнүн экономикасына кирешелерди көбөйтүүгө жардам берээри күтүлүүдө. ЕАЭСке кошулгандан кийин россиялык жана казакстандык инвестициялардын көбөйүшү күтүлүп жаткандыгын белгилей кетсе болот, бул мамлекеттин ичинде экономикалык жана саясий турукташтыруу үчүн өтө маанилүү фактор болуп саналат.

ЕАЭСке кирүү менен Кыргызстан КӨПтүн материалдык-техникалык абалын ЕАЭСтин стандарттарына ылайык келтирүү зарылдыгы тургандыгын эске алуу менен Кыргызстандын чек араларындагы өткөрмө пункттарын жабдууга жардамдын болушуна ишенет. Андан тышкары, чек арага чектеш райондордо туруктуулук факторун жогорулатуу мүмкүндүгү бар, анткени ЕАЭСке кошулганда Кыргыз Республикасынын чек аралары ЕАЭСтин чек араларынын бир бөлүгү болуп калат.

Албетте, дүйнөлүк экономиканы глобалдаштыруу шарттарында бир да өлкө өзүнчө жашап, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү боло албайт. Ошондуктан Кыргызстан дайыма интеграциялык бирикмелердин жана биринчи кезекте экономика чөйрөсүндөгү бирикмелердин принциптүү тарапкери болуп келген жана боло берет.

Алгач бир аз оор болоору, товарларга баалардын өсүшү шексиз. Бирок, келечекте кошулуу Кыргыз Республикасынын экономикасына оң натыйжа берет, инвестициялардын келиши, ЕАЭС өлкөлөрүнүн 175-миллиондук рыногунун ачылышы Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукциясын экспорттоого мүмкүндүк берет, биздин кийим тигүүчүлөр үчүн зор мүмкүнчүлүктөр келип чыгат.

Мында, биз жаңы стандарттагы сапатка өтөөрүбүздү, бажы жана салык администрациялоонун өзгөрүшүн эске алуу зарыл, бул коррупциялык элементтердин төмөндөшүнө таасирин тийгизет.

Кыргызстандын КМШнын мейкиндигинде Евразия экономикалык союзу сыяктуу интеграциялык институттардын толук укуктуу мүчөсү болууга умтулуусу биринчи кезекте өз экономикасы үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен шартталган.

2014-жылдын 24-ноябрында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга кол коюлган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков жана Россия Федерациясынын финансы министринин орун басары Сергей Сторчак кол коюшкан.

Фонддун уставдык капиталы 500 млн. АКШ долларын түзөт. Алгачкы 100 миллион 2014-жылдын 31-декабрына чейин келип түшөт. Калган 400 миллиону 2016-жылдын 29-майына чейин келип түшөт. Андан тышкары, россиялык тарап Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын шартында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдигисиз 500 млн. АКШ доллары суммасында Фондго жогорку деңгээлде жеңилдетилген зайымды тартуу милдетин өзүнө алат.

Маалымат иретинде: Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган Евразия экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу максатында түзүлүүдө.

Фонд Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка, Кыргыз Республикасынын экономикасын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө, Евразия экономикалык интеграциясына катышуу менен шартталган мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу колдонууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

Фонд зайымдарды берүү, капиталга катышуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттер менен мамилелерде башка финансылык каражаттарды колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу секторлорунда өзүн-өзү актай турган долбоорлорду каржылоону ишке ашырат, анын ичинде төмөнкү жааттарда:

–    агроөнөр жай комплекси;

–    кийим тигүү жана текстиль өнөр жайы;

–    кайра иштетүү өнөр жайы;

–    тоо-кен казуу жана металлургия өнөр жайы;

–    транспорт;

–    турак-жай курулушу;

–    соода-сатык;

–    ишкерликти өнүктүрүү;

–   инфраструктураны өнүктүрүү.