судья1
Кыргыз Республикасынын соттору жарандык, экономикалык жана жазык иштери боюнча бир жылдык жыйынтыктоочу кеӊешмелерин өткөрүштү. Кеӊешмелерде 2014-жылдагы иштердин жыйынтыктары чыгарылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева үстүбүздөгү жылдын 30-январында өткөн Бишкек шаардык жана Чүй облустук сотторунун кеӊешмелерине катышты.

Жогорку Соттун Төрайымынын биринчи орун басары Канатбек Турганбеков Талас облустук сотунун кеӊешмесине катышып, жалпы Талас облусу боюнча жыл жыйынтыкталды.

Жогорку Соттун Төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева өлкөбүздүн Ош жана Жалал-Абад облустук сотторунун кеӊешмелерине катышып келди.

Жылды жыйынтыктаган кеӊешмелер Нарын жана Ысык-Көл облустук сотторунда дагы болуп өттү. Көзөмөл органынан Нарын облустук сотунун кеӊешмесине Жогорку Соттун судьясы Лепес Темирбеков, ал эми Ысык-Көл облустук сотунун кеӊешмесине Жогорку Соттун судьясы Арзыбек Акыев катышты.