Анталия1
 Кыргызстандык Тынар Улусой Анталиянын (Түркия) шаардык кеңешине өзүнүн талапкерлигин койду. Бул тууралуу кечээ, 4-мартта «Хаберлер» түрк басылмасы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, Тынар Анталияга азыркы күйөөсү Фуркан Улусойго 10 жыл мурда тийген жана азыркы учурда 31 жаштагы аялдын эки баласы бар.

Тынар Түркияга бөйрөк оорусунан улам баргандыгы, Тынардын апасы Айгүл Абжанбекова бөйрөгүн кызына бергендиги маалым болду. Операция Акдениз университетинде ийгиликтүү өткөн.

«Мен Түркияга ыраазымын. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкум келет. Мен депутат болуп, партиянын саламаттыкты сактоо жана чет элдик жарандарды колдоо чөйрөсүндөгү реформаларын уланткым келет», – деди ал.

Тынардын күйөөсү Фуркан өзүнүн аялын колдойт жана анын талапкерлигин башкалар да колдойт деп ишенет.

«Анталиянын жашоочулары чет элдик келинин жакшы көрүшөт, мындан кийин кантип депутат болбой койсун», -деди ал.