Issik-kul

• КРдеги эң чоң көл — Ысы-Көл. Аянты 6236 км2. Андан кийин Соң-Көл (аянты 270 км2), Чатыр-Көл (171 км2) турат. Кыргызстанда жалпы аянты 6836 км2 болгон 1923 көл бар.

• Эң ири мөңгү-Түштүк Эңилчек. Кан-­Теңир тоо тоомунда. Узундугу 58,9 км, туурасы 2-3 км, аянты 613,2 км2, орточо калыңдыгы 300-400 м.

• Эң чоң ойдуң-Фергана өрөөнү. Узундугу 340 км, эң жазы жери 160 км, аянты 22000 км2.

• Эң чоң жана узун өрөөн — Нарын өрөөнү. Ал Эки-­Нарын капчыгайынан Фергана өрөөнүнө чейин созулат. Узундугу 470 км.

-Эң ири жана суусу мол дарыя — Нарын. Анын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 534 км. Ага бардыгы 830 суу куят. Нарын гидроэнергетикалык кубаттуулугу боюнча да алдыда. Гидроэнергоресурсу-5,94 млн кВт.

• Эң ири суу сактагыч — Токтогул. Аянты 284,3 км2, жалпы көлөмү 19,5 млрд м3.

• Аянты боюнча эң чоң облус — Нарын. Жалпы аянты 45,2 миң км2.

• Эң чоң район Ат­-Башы. Аянты 19,1 миң км2.

• Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөдөгү ири алтын кендеринин бири — Кумтөр. Алтындын геологиялык запасы 300 тоннага жакын. Деңиз деңгээлинен 4 миң метрден ашык бийиктикте. 1978-ж. 9-ноябрда ачылган. 1997-­ж. андан алгачкы 132 т алтын казылып алынган.

• Эң чоң ГЭС – Токтогул, кубаттуулугу 1200 мВт.

• Кыргызстанда гана эмес, Орто Азиядагы эң ири архитектуралык эстелик-ТашРабат. 15-­кылымда курулган. Ат-Башы айылынан 80 км түштүк­ батышта, Бишкек-Торугарт жолунан 18 км аралыкта.

• Эң чоң өткөөл капчыгай — Боом. Ал Чүй өрөөнү менен Ысык-Көл өрөөнүн байланыштырат. Күнгөй Ала ­Тоо менен Кыргыз Ала­ Тоосунун жакындашкан жеринде, капчыгайдын таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 1300-1550 м, капталдары таманынан 1800-2500 м. Узундугу 25 км, жазылыгы 150-350 м.

• Эң ири ирригациялык жана энергетикалык канал — Чоң­ Чүй каналы (азыр ал Батыш Чоң ­Чүй каналы деп аталат). Курулушу 1941-­ж. 14­майда башталган. Согуш учурунда токтоп, 1946­-ж. кайра башталган жана 1958­-ж. 11-­июлда бүткөн. Чүй өрөөнүн чыгыштан батышка карай кесип өтөт. Узундугу 147 км, туурасы 10-20 м, тереңдиги 5-6 м. Каналда кубаттуулугу 29 миң кВт болгон 7 гидроэлектрстанция курулган. Анда 226 гидротехникалык курулма, 196 суу өлчөгүч пост бар.

• Эң ири китепкана-В.И.Ленин атындагы улуттук китепкана. 1934­-ж. ачылган. Китеп фонду 6 миллиондон ашык, дүйнө элинин 89 тилинде.

• Эң ири завод-Майлы-Сайдагы электр лампа чыгаруу заводу. 1968­-ж. ишке берилген. Ал кубаттуулугу боюнча СССРдеги эле эмес Европадагы эң ири заводдордун катарында турган. Жылына 300 млн.дон ашык электр лампасын чыгарган.

• Эң ири спорт комплекси — “Спартак” стадиону Бишкекте 1939-41­-ж. курулуп, 1963-­ж. реконструкцияланган. Аянты 4,5 га. Трибунасы 25 миң орундуу.

• Спорттук эң чоң курулуш – Кожомкул атындагы спорт сарайы (Бишкек ш., Тоголок Молдо көчөсү, 40) 1974-ж. ачылган.

• Эң чоң базар-”Жайма базар” (Түртүшмө). Көп тармактуу “Дордой” ассоциациясына караштуу. Аны негиздеген алгачкы башкы директору Салымбеков Аскар Мааткабылович (2000-­жылдан ардактуу президенти). 1991­-ж. 7-­декабрда ачылган. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия, Урал аймагындагы эң чоң соода борбору.

• Кыргызча эң чоң китеп – манасчы Жусуп Мамайдын “Манасы”. Салмагы 6 кг. Араб алфавитинен кыргызча тамгага түшүргөн Мамлекеттик тил жана маданият институту (директору Үмүт Култаева).

• “Манас” эпосундагы “Көкөтөйдүн ашынан” кийинки эң чоң аш сарбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан чоң манап Шабдан Жантай уулуна (1840-1912) 1912-­ж. октябрда берилген. Аш 5 күнгө созулуп, ага Түркстан чөлкөмүнөн (Жети-­Суу, Фергана, Сыр-­Дарыя дубандарынан) 40 миңден ашуун киши келген. 1900 боз үй тигилген. Ашка 10 миң кой, 2 миң тай союлган. Кемин өрөөнүндө өткөрүлгөн. Мында ат чабыш өткөрүүнүн батыштагы эрежелери алгачкы жолу колдонулган. Аламан байгеге 172 күлүк кошулуп, 1000 дилде, 30 төө, 100 жылкы, 30 бодо мал, 500 кой байгеге коюлган. Бишкек уездинде жашаган Борончу Ітөгөн уулунун аты чыгып, баш байге алган. Ал күлүк 1 чакырымды 1 мүнөт 35,5 секундда басып өтүп, ошол кездеги россиялык жетишкендиктерден ашып түшкөн ылдамдыкта келген. Ашты Шабдандын кудасы атбашылык Чоко Ак үйүн тигип, энесин аюу талпакка отургузуп коюп башкарган.

• “Ленинчил жаш” гезитинин жазганы боюнча (1988-­ж., 18­-июнь) эң чоң мөндүр Базар-Коргон районунун Гава айылына түшкөн (Бабаш-Ата тоосунун этеги). 1988-­ж. май айында чайыттай ачык турган күн заматта бүркөлүп, мөндүр жааган. Мөндүр улам чоңоюп, тооктун жумурткасындай болгон. Мөндүрдүн түшүшү 10 мүнөттөй созулган. 1998-­ж. 18-­июлда Талас районунун Көк-Ой айылынын этегиндеги Нылды көлмөсүнө чоңдугу тооктун жумурткасындай, кээси топтоголок, кээси учтуу муз тобурчак жааган. Тобурчактын үстүңкү формасы кудум эле мээ түзүлүшүнө окшош болгон. Жээктеги 3-4 машиненин терезелери сынып, темирлери бырыйган. Ушундай эле чоң мөндүр жана мурда болуп көрбөгөндөй катуу шамал ошол эле күнү Ысык-Көлдүн Түп районунда да 20 мүнөттөй сабап турган.

• Эң чоң дарбыз Ош облусунда өстүрүлгөн. Анын салмагы 85 килограммга жеткен.

• Эң көлөмдүү жана тез жазылган чыгармалар эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековго таандык. Анын жарык көрө элек чыгармалары эле 4500 барактан ашат. Түкөбүздүн чыгармалары эле эмес, өзү дагы жазуучулардын ичинен “көлөмдүүсү” болгон экен. С.Станалиев билдиргендей, анын салмагы 66 жашында 121 кг болуптур.

• Кыргыз адабиятынын совет доорундагы тарыхында тагдыр чечээр үч чоң талкуу болгон. Биринчиси, 1952-­ж. “Манас” эпосу, экинчиси 1958­ж. Ч.Айтматовдун чыгармалары, үчүнчүсү 1963-­ж. У.Абдукаимовдун “Майдан” романы боюнча. Буларды бар же жок кылуу үчүн айыгышкан күрөш жүрүп, кыл чайнашкан кырчылдашуу курч мүнөздө болсо да, акыры тарых аларды өз ордуларына койгону белгилүү.

• Бишкек шаарындагы 22 жаңы конуштун эң чоңу-Арча-­Бешик. 1991-­ж. түптөлгөн. Жалпы аянты 709 га. Калкынын саны 16200 (2001). Өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Муктар Айткулов.

• Эң чоң кинотеатр — Бишкектеги “Россия”. 1963­-ж. ачылган, 1970-ж. реконструкцияланган. Көрүү залы 1 миң кишилик. Мындай уникалдуу кинотеатр Борбордук Азия аймагында жок.

• Айрым оозеки маалыматтар боюнча эң чоң тебетейди Ормон хан тиктирген.

Даярдаган Айнура Шайкеева