газ1

Кыргызстанда жаратылыш газы 18 тыйынга кымбаттады. Өлкөнүн түндүгүндөгү абоненттер февраль айында газдын метр кубуна 13 сом 96 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 13 сом 78 тыйын болчу). Газдын кымбатташын өкмөт доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырууда. Өндүрүш ишканалары үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 16 сом 77 тыйын деп бекитилди (мурунку айдагыдан 20 тыйынга кымбат). Өткөн айда жаратылыш газы 24 тыйынга көтөрүлгөн эле. 13 сом 54 тыйындан 13 сом 78 тыйынга жогорулаган.

Айта кетсек, былтыр сентябрда “Газпром” ААКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер Бишкекке келип, Кыргызстанга жеткирилген жаратылыш газынын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынганын айткан. Муну менен газдын баасы 59 долларга арзандап, абоненттер октябрда газ үчүн 12 сом 93 тыйындан төлөштү (ага чейин 16 сом 35 тыйындан төлөп келишкен). Бирок ноябрь айынан баштап газдын баасы кайра өсө баштады.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА