мульт1

Борбор калаадагы кинотеатрлардын биринде алгачкы жолу дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган “Кот Гром и заколдованный дом” аттуу мультфильм көрсөтүлдү. “Көрчү кандай угулуп жатат” аталышындагы иш-чара шаардагы угуусу начар балдар интернатынын тарбиялануучулары үчүн уюштурулган.

250дөн ашуун бала мультфильмди көрүү менен чектелбестен уюштуруучулар тарабынан даярдалган оюн-зоок программаларына да катышышты. Долбоордун демилгечилери мындан ары иш-чараны өлкө аймагында уюштуруунун пландашууда.

Кыргызстандагы Социалдык программанын уюштуруучуларынын бири Алмазбек Мамырбаев жакынкы күндөрдө балдар үчүн дагы бир нече мультфильм көрсөтүлүп, кийинки жылы дудуктардын тилинде жаңсап түшүндүрө турган 5 мультфильмдин бет ачары болорун айтты. “Көрчү кандай угулуп жатат” деген программаны колдогондор видеону берип жатышат, биз аларга угуусу начар балдарга ыңгайлуу кылып беребиз”,– дейт ал.

Булак: super.kg