Кыргызстанда бензин баасы түшө баштады
27-декабрдан тарта Кыргызстандын бардык аймагында күйүүчү майлардын баалары төмөндөгөнү байкалды.
Маселен, Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын маалыматы боюнча Аи-80 бензини 1 сомго, Аи-92 – 0,5 сомго, Аи-95 жана Аи-98 бензиндеринин литри 2 сомго чейин арзандады. Салыштырууларга таянсак, ноябрь айынын аягынан бери бензин литри 5,4 сомго, дизотун 4 сомго чейин арзандаганын байкоого болот.
Кыргызстан үчүн кырдаалдын мындай жакшы жагына өзгөргөнүнө орусиялык мунай иштетүүчү ири заводдордо профилактикалык-оңдоо иштери аяктап, күйүүчү май рыногунда сунуш көбөйүп, ошол эле учурда суроо-талаптар азайгандыгы себеп болду дешет нефтетрейдерчилер. Мындан тышкары, дүйнөлүк рынокто чийки мунайга баанын төмөндөгөнү өз таасирин тийгизүүдө.
Атай АЛТЫМЫШЕВ
Leave a Reply