Мындай маалыматты  2-ноябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы жаңы салынып пайдаланууга берилген С.Атамбеков атындагы орто мектебинин ачылыш аземине келген ЖКнын Депутаты Дамира Ниязалиева билдирди, деп кабарлайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымында, 2014-2016 жылдагы өлкөнүн өнүктүрүү жол картасына Нарын облусунан 21, анын ичинен Ак-Талаа жергесинде 5 мектеп жана бала-бакчалар салынаары киргизилген.
«Кыргызстанда 2200 мектеп бар, бирок анын 50% эски, жараксыз абалда. Биз балдарга мыкты билим беришибиз үчүн жаңы мектептерди, бала-бакчаларды салуубуз керек. Мектеп жакшы болсо, билим сапаты да жакшы болот. Президенттин 2014-2016-жылга карай өлкөнүн өнүктүрүү жол картасына Нарын облусу боюнча 21 мектеп киргизилсе, анын 5 Ак-Талаа районунан. Мына ошол мектептердин биринин ачылыш аземин белгилеп жатабыз. Буга азыркы бийликтин салымы зор. Мектебиңиздер кут болсун! Ушул мектептен келечекте мен-мен деген илимпоздор, кызматкерлер, инсандардын чыгышына тилектешмин», – деди эл өкүлү Д.Ниязалиева.
Булак: Turmush