высотки1

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында өлкө аймагындагы өзүмбилемдик менен турак жай курулган жер участкаларынын абалын жөнгө салууга багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды. Депутаттар тобу «Айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин башка категорияга которууга мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзамга, КР Кылмыш-жазык кодексине, КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске түзөтүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүүдө.

Депутат Эсенгул Исаковдун айтымында, 1983-2009-жылдар аралыгында Кыргызстандын 32 районундагы 217 айыл аймагында өзүмбилемдик менен 13478 гектар аянтка 38194 үй курулган, азыр анда 47739 үй-бүлө жашайт. «Бул жер участоктору ар кандай себептерге байланыштуу калктуу конуштар категориясына которулбай келген. Ошондон улам, бир катар мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизүү зарылдыгы келип чыкты. Ага ылайык, мораторийдин таасири 2009-жылдын 31-июлуна чейин айдоо жерлерине курулган турак жайларга жайылтылбайт», – дейт ал.

Ошондой эле, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүмбилемдик менен курулган жеке турак жайлар менен кошо ушундай эле шартта жайгашып калган ишкердик объектилерин да мыйзамдаштыруу жагы каралууда. Демилгечилердин пикиринде, ишкердик объектилердин ээлери жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге жайгашкан жеринин рыноктук баасында ордун толтуруу төлөмдөрүн төлөп бериши керек, ошондо гана бардык тарап үчүн акыйкаттык болот. Ошондой эле «Датка-Кемин» электр чордону, «Түндүк-түштүк» альтернативдүү автожолу сындуу стратегиялык ири курулуштардан улам үйлөрү бузулуп, жаӊы жер участкаларын алган жарандардын турак жайлары да мыйзамдаштырылууга тийиш. Аларга берилген жер участкалары мораторий жарыяланган жерлерге туш келип калган учурлар жок эмес.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеӊештин кароосуна дароо эле үч окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды-деп Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Айзада Дүйшөнбаева