подпись1

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

 Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 28-январында кабыл алынган.

 Мыйзамдын максаты – «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык келтирүү, Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178-статьясында белгиленген функцияларын аткаруу үчүн керек болгон Улуттук банкты, анын менчигин, мүлктөрүн жана кирешелерин, бүтүмдөрүн жана операцияларын, товарларга карата жыйымдардын, бажы алымдарынын жана жыйымдарынын кандай гана болбосун түрлөрүнөн бошотуу.

 Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2008-жылдын 5-августунан тартып күчүнө кирет.