Доха1

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 3-июнунда Доха шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине кабарлоо милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.