мырзакматов1

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, мамлекеттик казынага 27 миллион сом зыян келтирди деп сыртынан айыпталган Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду камакка алуу жөнүндө 27-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан чечим кабыл алынып, издөө жарыяланды.

 Ушул тапта түштүк борбордун Новои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрө боюнча Ош мэриясынын мурдагы жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмү териштирүүдө.

Алдын ала тергөөлөр Мелис Мырзакматов мэр болуп турган учурунда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Кыргыз Республикасынын бир катар мыйзамдарын бузууга барганын көрсөттү.

Маселен, ал “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укук принциптеринин негиздери жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарды жана Ош шаарынын Уставын одоно бузуу менен эч кандай техника-экономикалык негиздемелерсиз эле кымбат баалуу обьектини курууга жана мэриянын кызматтарына аталган көпүрөнүн курулушун каржылоого көрсөтмө берген.

Мындан тышкары, көпүрөнүн долбоордук-сметалык документтерин даярдоого да мыйзамсыз эки тендер өткөрүлгөн. Натыйжада, көз боемочулук аракеттер мамлекетке 27 миллион сомдон ашык ири өлчөмдө зыян алып келген.

Атай АЛТЫМЫШЕВ