Тойбаев1 Тойбаев

Аталган окуу жайдын Театралдык өнөр бөлүмү белгилүү драматург, филология илимдеринин кандидаты, кыргыз эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин 80 жылдык мааракесинин урматына арналган чыгармачылык кече өткөрдү. Кечеге КРнын эл акыны Г.Момунова, КРнын эл жазуучусу М.Мамазаирова, КРнын эл артисти Д.Жалгасынова жана башка аттын кашкасындай таанымал манасчы, акын, жазуучулар катышышты. Драматург Мырзабек Тойбаев өз сөзүндө, чыгармачылыктын таза сырлары менен бөлүшүп, студенттерге кызыктуу баян курду. Ошону менен катар аларды терең жана сапаттуу билим алууга үндөп, келечекте кыргыздын көркөм өнөрүн бийикке көтөрүп, даңазалоого чакырды. Ал эми Театралдык өнөр бөлүмүнүн башчысы Аманбек Жапаров чыгармачылыкка өмүрүн арнаган белгилүү инсандардын өрнөктүү өмүр жолу, анын эмгектери жаш муундарга үлгү болорун баса белгиледи. Ага улай окуу жайдын жетекчилигинин атынан ыраазычылык ыкласын билдирип, Консерваториянын мүдүрүнүн орун басары Себахаддин Сиврикая бул жолугушуунун студенттер үчүн тарбиялык жана агартуучулук мааниси зор экендигин айтып өттү.

Айзада Дүйшөнбаева