Боронов Кубатбек

Бул ирет Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновду коштоп жүрдүк. Министрдин бул күнү саат 8.30да кызматтык кеңешме менен башталды. Кеңешмеде жетекчилик жана облустук бөлүмдөрдүн башчыларынын катышуусу менен он-лайн режимде бир катар маселелер талкууга алынды. Кызматтык кеңешмеде министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча аткарылып жаткан иш-аракеттердин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү маселелерди көтөрүп чыкты.

Министр Чүй облусун аралап өткөн Чу дарыясы жана Өзгөн районуна караштуу Кара-Дарыя сууларындагы кооптуу делген участкаларындагы авариялык кырдаалды калыбына келтирүү иш-чараларын, министрликтин облустук башкармалыгын күчтөндүрүү маселесин койду. Ошондой эле министр кээ бир башкармалыктардын ишмердүүлүгүнө катуу эскертүү берди. Аны менен катар Кризистик кырдаалдар борборундагы жайгашкан 112-кызматынын ишин мындан да жакшыртуу максатында 2015-жылга мерчемделген экинчи этапты күчтөндүрүү туурасында ККББ башчысы полковник Мухаммед Сваровго тапшырма берди.

Сааттын жебеси 11.00дү какканда министр Миналарды зыянсыздандыруу боюнча Швейцариялык Фонддун миссия жетекчиси Х.Эрбл менен жолугушту. Анда КР ӨКМ жана Швейцария коомунун ортосундагы өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы, уулуу заттардын коркунучун азайтуу боюнча кызматташуу тууралуу Меморандумуна кол коюлду.

Ал эми түштөн кийин министр Кубатбек Боронов министрликке караштуу Мамлекеттик куткаруучуларды даярдоо борборунун территориясындагы көп бөлмөлүү турак жайдын курулушу менен таанышты. Аскер кызматкерлерине курулуп жаткан 3 кабаттуу турак жайдын курулушу менен таанышып чыккан соң, куткаруу отрядынын казармасына башбакты. Министр аскерлердин формасынын сапаттуу тигилишине тиешелүү жетекчилерге тапшырма берди.

Саат 16:20да Бишкек шаарындагы Осмонкул көчөсүндө жайгашкан Кризистик кырдаалдар борборундагы 112-кызматына чалууларды кабыл алуу пунктунун операторлорунун ишине көз чаптырды. 112-кызматы министрлик тараптан жасалып жаткан реформанын бири экенин баса белгиледи. “Бул залда операторлор келип түшкөн чалууларды кабыл алып, андан ары тиешелүү ыкчам чара көрүү кызматтарына билдирүү жиберишет. Чукул кырдаал катталган жерге жардам жеткени тууралуу, жардам көрсөтүлүүсүн көзөмөлгө алышат. Бул кызматты ачуу салтанаты өткөн жылдын 15-декабрында болгон, ошол убакыттан тартып 19 миңден ашуун чалуу түшкөн. Анын ичинде жалган чалуулар да кездешет,”- деди министр.

Жолдо министрге учкай суроолорубузду узатууга үлгүрдүк.

– Кубатбек Айылчиевич, өзгөчө кырдаалдар министринде же анын кызматкеринде өзгөчөлөнгөн кандай сапаттар болушу керек?

– Эң негизгиси, өз кесибин сүйүү керек. Кайсы бир адамга кыйынчылык келип калган учурда жардам берүү деген нерсени түшүнүп, кабыл алуусу керек. Оболу, ошол түшүнүк кызматкердин жан дүйнөсүндө жашашы абзел. Администрацияда же жетекчилик жумуштарда бул нерсе сезилбеши мүмкүн, бирок куткаруучуда башкаларга жардам берүү деген нерсе башкы орунда болушу шарт. Биздин кесип жоопкерчилик, жардам берүүнү талап кылган өзгөчө кесиптердин катарын толуктайт.

– Жылдын кайсы мезгилинде өзгөчө кырдаалдар көп катталат?

– Биздин жумуш аба ырайына жараша болот. Жылдын төрт мезгилинде тең өзгөчө кырдаалдар кездешет. Кыш мезгилинде кар көчкүсү менен күрөшөбүз. Ал эми жазда – кар эриген маалда суу ташкынына, селге каршы турушу керек. Аптаптуу жайда болсо, тоо башындагы көлдөрдүн деңгээлинин көтөрүлүшүн көзөмөлгө алабыз. Жылдын бардык мезгилинде иш көп.

– ӨКМнын региондордогу бөлүмдөрүнүн абалы кандай?

– Өзгөчө кырдаалдардын басымдуу бөлүгү региондордо катталат. Министрликтин алдында облустук башкармалыктар бар, Өрткө каршы кызматы, бардык алгачкы жардамдарды региондордогу бөлүмдөгү кызматкерлер аткарышат. Эгер борбордук жетекчиликтен жардам суралса, кызматкерлерди жиберебиз.

– Министрликтин эл аралык кесиптештери менен иш алып баруу жагы кандай нукта?

– Бүгүнкү күндө иш өз нугунда жүрүүдө. СССР маалындагы 15 республиканын ичинен ондой мамлекеттин өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери менен тыгыз иш алып барабыз. Андан тышкары, эл аралык уюмдар, дүйнөлүк фонддор менен кызматташабыз. БУУнун ири долбоорлору, Түштүк Корея, Япония мамлекеттери менен дагы мамиле мыкты деңгээлде.

– Канча убакыттан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап келе жатасыз?

– Институтту 1991-жылы бүткөм. Институтту аяктагандан кийин курулуш тармагында катардагы кыш коюучу болуп иштеп баштагам. Дээрлик бардык баскычтан басып өткөм. Кесибим инженер. Көп жылдар бою мамлекеттик курулуш тармагында иш алып бардым.

– Бизнесиңиз барбы?

– Эгемендикти алгандан кийин өлкөдө курулуш иштери бир убакытка чейин токтоп калган мезгилде бизнес чөйрөсүнө аралаштым. Учурда чоң бизнесим бар деп айта албайм. Үй- бүлөм өзүн камсыз кылган, жетишээрлик чакан бизнес жүргүзөт.

– Маданиятка көз карашыңызды билсек…

– Өзүм ырдабайм, бийлебейм. Жакшы чыгармаларды угам. Кээде колубуздан келишинче министрликтин атынан маданий иш-чараларды колдойбуз.

– Эс алуу күндү кандай өткөрөсүз?

– Ар кандай болуп калат. Ден соолукту чыңдоо үчүн лыжа тебем. Кээде балык уулоого барып калам.

– Күнүмдүк керектөөгө канча каражат коротосуз?

– Аз өлчөмдө кетет. Түшкү тамактануума 200-500 сомго чейин сарпташым мүмкүн.

Саат 18.40та министр Кубатбек Боронов министрликтин борбордук аппаратында иш-кагаздарына үңүлдү. Кабинетинде тиешелүү буйруктарга кол койду, кызматтык каттарды карап чыкты. Саат 19.00дө министр Кубатбек Айылчиевич орун басарлары менен кыска кеңешме өткөрүп, бир күндүк ишин жыйынтыктады.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА