максат чакиев1

Кыргызстандагы жаш активисттердин демилгеси менен “Кыргыз кодекси” деген аталыштагы китеп жарыкка чыкты. Китепте кыргыздардын  жүрүм-туруму, маданияты жана баалуулуктары жазылган. Китепти түзүүчүлөрдүн бири, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Максат Чакиевге суроо салып кайрылдык.

Кыргыз кодекс китебин коомчулукка сунуштоого эмнеге мажбур болдуңуздар?

– Бул идея мындан төрт-беш жыл мурун, жаш жана орто муунду түзгөн тек гана жеке инсандардын ортосунда жумушчу тобу түзүлүп, “Кыргыз кодекси” китебин жазуу тууралуу ой ортого салынган. Акыркы кездерде, негедир коомдогу туура эмес же жаман сапаттардын  баарысын, өзүбүзгө сиңирип, биздин элдин атынан аталып жүрөт. Мисалы, туура эмес иш кылса, кечигип келсе кыргызчылык,  ал эле эмес  “кел кыргызча эле кылып салабыз”- деген, сөздөр байма-бай айтылып калды. Эмне себептен жаман сапаттарды кыргыздын, биздин элдин атынан аташыбыз керек? Дагы бир ОБОН деген термин пайда болуп, ал сөз апаларыбыздын атынан атала баштады. Жаман адаттарыбызды жоктоо максатында коомчулукка ата-бабаларыбыздын баалуулуктарын чогултуп, ушул китепке киргизүүгө аракет кылдык, бир нече баптан турат. Элибиздеги намыстын кодекси, сөздүн кодекси, башкаруу кодекси,  жарандын кодекси дегендер бар. Мындан тышкары, үй-бүлөнүн кодекси бар. Эр-аялдын ортосундагы мамиле, уул-кыздын жүрүм-туруму, моралдык-этикалык эрежелери камтылып киргизилди. Китепти окуган ар бир кыргыз атуулу биздин ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн түшүнө алат. Сөз үчүн, намыс үчүн алар эмнеге барган? Кыскасы, бул китептен ар бир кыргыз өзүн көрө алат. Өзү үчүн бир нерсе таба алат. Бул кыргыздын каны менен жаралган жазылбаган мыйзамдар.

Бул китептин чыгышына сиз иштеген министрлик же өкмөттүк мекемелер көмөктөштүбү?

-Жок. Жаш жазуучулардын тобу иштеди. Өкмөттүн эч кандай тиешеси жок. Китеп депутат Карганбек Самаковдун демөөрчүлүгүнүн алдында жарык көрдү. Китепти электрондук форматка чыгарууну пландап жатабыз.

Сөзүбүздү сиз жетектеген тармакка бурсак, кышкы туризмдин абалы кандай?

-Иштер өз нугунда жүрүп жатат. Дем алыш күндөрү, дээрлик орун жок болууда. Кудай сактасын, чоң кылмыш-кырсыктары катталган жок. Жыл ичинде 4 млн. турист келди. Акырындык менен жергиликтүү тургундар да туризмге башкача көз карашта карап баштады.

Кайсы өлкөдөн туристтер көп келет?

-Негизинен КМШ өлкөлөрүнөн басымдуурак келет. Анын ичинде АКШ, Канада өлкөлөрүнөн да келишет. Учурда Араб жана Түштүк Кореядан өзүбүздүн борборлорду ачууга киришип жатабыз. Ушул жылдын март айында Түштүк Кореяда атайын туристтик өкүлчүлүгүбүз ачылат.

Кыргызстандыктар көбүнчө кайда эс алышат?

-Түркия, Тайланд, Европа, Канада, Дубай өлкөлөрүнө барышат.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА