Турдубаев

Өлкөнүн Туруктуу өнүгүү стратегиясында энергетика тармагында бир катар долбоорлор каралган. Кыргызстандагы жылуулук маселеси, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, энергия тармагындагы кырдаал боюнча Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев менен маектештик.

– Казакстандан импорттолуп жаткан электр энергиясы өлкө казынасына оорчулук келтирбейби?

– Бул үчүн атайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан «Электр станциялар» ААКга 2,2 миллиард сом бюджеттик ссуда бөлүнгөн. Ал энергокомпаниялар тарабынан 2015-жылдан баштап төлөнө баштайт. Демек, бюджеттен берилген акча кайра эле бюджетке келип түшөт. Мамлекеттер аралык кеңеште Казакстан Республикасы менен келишим бар. Көлөмү  1 млрд. киловатт-саатка чейин электр энергиясы алдын ала төлөнөт.

– Февралдан тарта калк үчүн электр энергиясына карата тариф арзандаары күтүлүүдө. Жаңы киргизилген тарифтик арзандатуу эмненин негизинде жүргүзүлөт?

– Орточо өлчөнгөн тарифтерди 2014- жылдын 11-декабрынан тартып ишке киргизген. Импорттук электр энергиясын керектөөнүн 1 млрд. кВт/с. өлчөмүндөгү жалпы пландалган көлөмүнүн негизинде эсептелген. Электр энергиясынын импортуна контракттар ай сайын түзүлөт. Казакстан менен түзүлгөн биринчи контрактка ылайык 2014-жылдын декабрында 232 млн. кВт/с. электр энергиясы жеткирилмек, иш жүзүндө 118 млн. кВт/с. жеткирилген. 2015-жылдын февралына экинчи келишим боюнча Казакстан Республикасынан 199 млн. кВт/с. электр энергиясын жеткирүү пландалган. 2015-жылдын февралына – 183 млн. кВт/с., ал эми 2015-жылдын мартында 260 млн. кВт/с. көлөмүндө импорттук электр энергиясынын жеткирилиши белгиленген. Ошентип, импорттук электр энергиясынын жалпы жеткирүү көлөмү керектөө фактын эсепке алуу менен түзөтүлгөн жана бүгүнкү күндө импорттук жеткирүүнүн бардык мезгилинде 760 млн. кВт/с. түзөт.

– Энергетикадагы жоготуулардын көлөмү боюнча да токтоло кетсеңиз…

– 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча БЭК тармагынын ичинде жоготуулар 2,0 миллиард кВт/с. же 16,5% түздү, салыштырсак, 2013-жылы жоготуулар 17,9%ды түзгөн. Өнүккөн мамлекеттердин көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу анализдесек, биздин жоготуулар дагы эле жогору, бирок жыл сайын жоготууларды азайтуудабыз. Мисалы, 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 26,7%ды түзгөн. Бул тарапта биз керектүү иш-чараларды аткарып жатабыз, электр жабдыктарын жаңыртуу, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жоготуулардын 1%га азайышы товардык продукциянын 90 млн. сомдон ашык көлөмдө көбөйүшүнө алып келет. Өкмөт тарабынан 2017-жылга карата жоготуулардын көлөмүн 12% чейин азайтуу боюнча тапшырма берилген.

– Энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?

– КР Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 Жарлыгы менен мамлекеттик бийликтин курамдарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги милдети белгиленген. КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги, КР Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун эксперттик комиссиясы, ОЭК ишканаларынын жетекчилери жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте 6 коррупциялык схеманы ачыкка чыгарган жана КР энергетикасында системдүү коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын Деталдашкан планында 79 коррупцияга каршы иш-чараны иштеп чыккан.

– Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын курууга канча көлөмдөгү акча салынган жана иш азыр кайсы баскычта?

– 2012-жылдын 20-сентябрында Россия Федерациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана ишке киргизүү боюнча Макулдашуу түзүлгөн. Ага ылайык, “РуcГидро” ААК  аркылуу Россия Федерациясы жана “Электр станциялары” ААК аркылуу Кыргыз Республикасы, ар бири долбоорду ишке ашыруучу “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” ЖАКнын капиталында 50%га ээ. Каскаддын жалпы кубаттуулугу 237,7 МВт, жылына орточо 942,40 млн. кВт/с. электр энергиясын чыгарат. Нарын ГЭС-1дин  биринчи агрегаты 2016-жылдын III кварталында иштейт.

– Инвестиция салган тарап ал жерге биротоло ээлик кылабы же ижарага алышабы?

– Жер тилкелери 49 жылга ижарага берилди. Бүгүнкү күндө Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу боюнча даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.  Ак-Булуң ГЭСин жана Нарын ГЭС-1ди курууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жер тилкелерин бөлүү үчүн материалдар алынды. Талаа иштери аяктады. “Кыргызгипрозем” ГПИ камералдык иштерин баштады (контурлардын ведомостторун түзүү менен контурлардын аянттарын санап чыгаруу жана менчигинин формасы боюнча жер пайдалануучуларга категориялары боюнча бөлүштүрүү, координаттарынын каталогдорун түзүү). 2013-жылы “РусГидро” ААК  “Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары” ЖАКка 1 млрд. рубль бөлүп берди, баштапкы мезгилдеги иштерди каржылоого Libor +1,5% пайыздык чени менен: каскадды куруу мөөнөтү – 6 жыл.

• ГЭСтердин ишке кирүү мөнөтү:

2017-ж. Нарын ГЭС-1
2017-ж. Нарын ГЭС-2
2018-ж. Нарын ГЭС-3
2019-ж. Ак-Булуң ГЭСи

– Энергетикалык көз карандысыздыкка канча убакытта жетише алабыз?

– Энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү үчүн бир нече долбоорлорду толугу менен аткарышыбыз керек. “Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу”, “Камбар-Ата 2” ГЭСи­нин экинчи гидроагрегаттын долбоору ишке ашырылып жатат. Бул долбоор экспорттук потенциалды жогорулатууга жардам берет. Дагы бир долбоор – “Токтогул ГЭСинин II фазасын калыбына келтирүү” ар бир агрегаттын кубаттуулугун кошкондо 120 МВт болгон 60 МВт жогорулатуу менен эки гидроагрегатты алмаштырууга багытталган жана өз кезегинде Кыргыз Республикасынын энергия коопсуздугуна жакшы салым кошот. Ошондой эле долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторун комплекстүү өнүктүрүүнүн башкы планын даярдоону пландайт. “СASA-1000» долбоору (Борбордук Азия – Түштүк Азия 1000 МВт) Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын энергетикалык системаларын  Афганистан, Пакистан менен  байланыштырып туруучу жогорку чыңалуудагы электр берүүчү линияларды курууну көздөйт. “Электр өткөрүүчү 500 кВ “Датка-Кемин” линиясын жана 500 кВ «Кемин» көмөкчү чордонун куруу” долбоорунун алкагында автотрансформаторунун кубаттуулугу 3х167 МВА болгон 500 кВ «Кемин» көмөкчү чордону курулган, иштеп жаткан 220 кВ – 42 км ВЛ кайра түзүлгөн, Ала-Арча көмөкчү чордону үчүн 200 МВА боюнча 2 автотрансформатору алынып орнотулган, экинчи кезектеги 500 кВ «Датка» көмөкчү чордон курулган. Узундугу 405 км болгон 500 кВ «Датка–Кемин» ВЛ куруу уланып жатат. Аталган долбоор ишин аяктагандан кийин электр өткөрүүчү жаңы линия Кыргызстандын ички керектөөчүлөрүн Борбордук Азиянын энергетикалык тогоосун азайтуу аркылуу энергия менен камсыздайт.

– Көп көйгөйдүн баары кыш мезгилинде дал ушул электр энергиясынан чыгат. Быйыл кыштан элдин нааразычылыгын жаратпастан чыга алабызбы? Декабрь айында Нарын шаарында электр баасын арзандатуу талабы менен нааразылык акциялары өткөн. Бул боюнча Өкмөт нарындыктардын талабын компенсация төлөө аркылуу чечүүнү караган эле…

– Иштебеген адам жаңылышпайт дейт эмеспи. Биздин да иште көйгөйлүү маселелер келип чыгат. Биз аларды өз убагында чечкенге аракет жасайбыз. Ооба 2015-жылдын 14-январында Нарын облусунун калкы менен жолугушуусунда тарифти төмөндөтүү боюнча маселелер айтылды. Учурда оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон аймактарда жашаган абоненттерге электр энергия акысына жылына 714 сом компенсация каралып жатат. Каралган вариантка ылайык тариф менен жана жылытуу мезгилиндеги (октябрь-апрелди кошкондо) баанын ортосундагы айырманы төлөө менен 300 кВт/с. өлчөмүндө компенсация каралган. Аталган райондордун керектөөчүлөрүнө кыш айларында 186 сом компенсацияланат. Компенсация жылына 1302 сомду түзөт. Бул механизмдин ишке кириши менен республикалык бюджеттин кошумча чыгымы 108,14 миллион сомду түзөт.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА