Асель Турдадалиева (2)

Кээде өнөр адамдары сахна менен турмуштун ортосунда чайналып, бирин тандоого туура келген кезде жеке адамдык бакыттан кечип, таланттын артынан кетет. Бул нерсе өнөр дүйнөсүнүн улуулугунан болсо керек. Талант артынан баарын кечип, анын азап-кубанычына, оор-жеңилине чыдоонун өзү канчалык эрдик экенин өнөр аздектеген адам гана салмактай алат. Рубриканын бүгүнкү мейманы да дал ошондой талант жүгүн аркалап, анын азабын көтөрүп, кубанычын таткан инсандардан. Анда кеп оролун ырчы айым Асел Турдалиевага буралы.

Чыгармачыл адамдардын жашоосу изденүүнү талап кылат эмеспи. Учурда чыгармачылык айдыңда сөзү акын Бактыгүл Чотурова, обону Жамиля Муратовага таандык “Тилек” аттуу чыгармага клип тарттырдым. Бул чыгарманы кызым Бегайым экөөбүздүн аткаруубузда күйөрмандар күбө болушат. Чыгармада эне менен кыздын жылуу мамилеси чагылдырылган.

Мугалим – кесиптердин атасы

Б.Бейшеналиева атындагы искусство инситутунда, учурда университет макамына ээ болгон, анда 2001-жылдан тарта эмгектенем. 2005-жылы күндүзгү окуу бөлүмүндө декан элем. 2008-жылдан баштап сырттан окуу бөлүмүнүн деканымын. Жылына биздин окуу жайдан 100-150 бүтүрүүчү даярдалып чыгат. Башка окуу жайлардан айырмаланып, биздин университет кудай берген талант, өнөр-шыкты башкы орунга коет. Чындыгында, мугалимдик кесипти аркалайм деп эч ойлогон эмес элем. Балалыктан көксөгөнүм – ыр дүйнөсү. Бул аалам мага жакшылыкты гана берди. Ырдаганым, киного тартылганым жана балдарга берген билим менен сыймыктанам. Мугалим – кесиптердин атасы экен, биздин иште жоопкерчилик биринчи орунда.

Сахнадагы 22 жыл

Чоң сахнага чыкканыма 22 жылдын жүзү болуп калды. Биз жаңы чыккан маалда СССРдин идеологиясы өкүм сүрчү. Чек бар эле. Маданият айдыңына келип калышыма Нарын театрында эмгектенген, узун топ театрдын артисттери Капар Медетбеков, Канат Усупов, Табылды Актанов, Күмөндөр Абылов өңдүү устат агайларым болгон. Алардын тарбиясын алганыма ыраазымын. Ал эми ырдоомо Сагын Мамбетакунова аттуу эже себепчи. Ал эжеке кезинде Нарын шаарында обкомдун үчүнчү секретары, маданият тармагын тейлеген инсан болгон.

Үч принцип

Оболу, ар бир ишти аткарууда адамда каалоо болушу керек. Умтулуу жана аракети мол болсо, ийгиликке жетет. Ийгиликтин жандоочу курбусу катарында эркектик мүнөз кошо жүрсө да адам көп нерсеге жетишет деген ойдомун. Кичинекей тоскоолдуктарга баш ийсең, ийгилик кеч келет. Турмушта үч принципти тутунам – эч кимди сатпайм, уурулук кылбайм, алдабайм.

Жашоону сүйүп жашайм. Колуңдан келсе, башкаларга жардам сунуш керек. Ал эми кылып жаткан ишиңде ийгилик көрүнбөй койдубу, анда дароо экинчисине кадам ташташ керек.

Сырдаш курбуларым

Курбу күтүү ар бир адамдын колунда. Колумдан келишинче бардык адамдар менен мыкты мамиледе болууну самайм. Чыгармачыл адамдар менен мамилем түз. Ал эми эң жакын курбум – Гүлнара Кахарова.

Ыр тандаганды билсем да, мырза тандай албайт окшойм

Кызым Бегайым, буюрса быйыл кыргыз-түрк лицейин аяктайт. Англис, түрк тилдерин мыкты өздөштүргөн. Четтен билим алып келсем деген максаты бар. Кызымдын келечеги үчүн болгон аракетимди жумшайм. Ырдап калат, бирок, чыгармачылыкка баш-отуң менен кирбе дейм. Себеби, бир үйдө бир эле артист жетиштүү (күлүп). Кызым атасы менен катташып турат. Ал адам менен жакшы мамиледемин. Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондон кийин жашоо нугу жакшы болот деген ниет менен баш кошконбуз. Беш жыл чогуу жашадык. Бул аралыкта экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз эки башка экенин түшүндүк. Чынында, үй-бүлөнү эмес чыгармачылыкты тандап кетүү мен үчүн оор болду. Мындай чечимге жылдап ойлонуп туруп келгем. Ырас, менден да күнөө кеткен чыгар, өзүмдү ак адам деп эсептебейм. Кээде турмуш сен күткөндөн да башка нерсени тартуулайт. Кызымдын атасы артист, балерон болчу. Жакшы адам, ал кишини да кыйнагым келген жок. Ыр, роль тандай билсем да, эркек тандаганды билбейт окшойм.

Жөлөк болгон бир туугандарым

Атам өтүп кеткен, апам кашыбызда. Жети бир тууган элек, бирөө өтүп кетти. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз орундарын табышкан. Менден кийинки Жаныбек иним баарыбызга атамдын ордун жоктотпойт. Кичүү болсо да улуу кишидей сыйлайбыз, кеңешебиз. Жакындарымдын амандыгына күн кур дебей шүгүр кылам.

Мээрим Бактыбекова