авар
 Нарын облусунун Кочкор районундагы Семиз-Бел айылынын аймагында эки унаанын катышуусунда болгон жол транспорт кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды.

Жол кырсыгы бүгүн, 12-январда саат 01:41 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, «Хонда-Степвагон» (мамлекеттик номуру В 61-31 AS) унаасы менен жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру I 64-49 B) бет маңдай сүзүшкөн.

Жол кырсыгы болгон жерге барган Кочкор райондук №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон жарандарды унаадан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына тез жардам кызматкерлери тарабынан жеткирилди.