машыгуу8- машыгуу- машыгуу7- машыгуу6- машыгуу5- машыгуу4- машыгуу3- машыгуу2- машыгуу1-

  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын өздүк курамынын катышуусунда:«Жарандык коргонуунун иштөө тартибинин режимдерин киргизүү иш-чараларын жүргүзүүнү уюштуруу» деген темада штабдык машыгуусу 2015-жылдын 27-февралы күнү таңкы саат 06:00дө башталды.

 Машыгуунун максаты, КРнын ӨКМнин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын функционалдык милдеттерин так аткарууга үйрөтүү жана чогултуу иш-чараларынын даярдыгын текшерүү, Жарандык коргонуунун иштөө тартибинин режимдерин киргизүүдө КРнын ӨКМнин борборду аппаратынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын тиешелүү иш аракеттеринин даярдыгын текшерүү болуп эсептелет.

Машыгуунун сценарийине ылайык Кыргыз Республикасынын УИАнын сейсмология институнун билдирүүсүнө ылайык, 2015-жылдын 27-февралы күнү саат 05:40 чамасында Чүй облусунун Чүй районунун аймагынан түштүк-чыгыштан 58 чакырым алыстыкта күчү 8 баллга жеткен (түндүк таардыгы 42 градус, 31 мүнөт, 40,99 секунд, чыгыш кеңдиги 75 градус, 8 мүнөт, 4,52 секунд, деңиз деңгээлинен 3249 метр бийиктикте) жер титирөө болгондугун маалымдады.

Жер титирөөнүн кесепетинен Чүй облусунун Чүй районунун аймагында татаал кырдаал түзүлдү. Аталган аймакта турак-жай, курулмалар ар кандай даражадагы кыйроого учураган. Ошондой эле табигый кырсыктардын күчөшү күч алууда (сел, жер көчкү, кыйроолор ж.б.).

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн өздүк курамы даярдыктан өтүп, толукталды жана жабдыкталды.

 Машыгууга катышкан кызматкерлер функционалдык милдетин, өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүн, белгилерин баалоону жана аныктоону билүүгө, иш кагаздарды, билдирмелерди, буйруктарды даярдоону билүүгө, кырдаалды талдоого жана абалды иш картада белгилөөгө милдетүү.

 Жогорудагылардын негизинде министрликтин өздүк курамы функционалдык милдеттерин, өзгөчө кырдаалдардын түрлөрүн, белгилерин баалоону жана аныктоону билүүсү, иш кагаздарды, билдирмелерди, буйруктарды даярдоосу, абалды картанын бетине түшүрүүсү штабдык-машыгуунун алкагында каралган.

 Штабдык-машыгуунун иш-чаралары: күнүмдүк алып барып жаткан иштин деңгээлин жогорулатуу жана даярдыктарды алдын ала көрүү. Ал эми жогорку баллдагы жер титирөө катталып, анын абалы оорлоп кеткен учурда жогорку даярдыктарды көрүү. Ошондой эле калкты сактоо, коргоо багытында эл менен кандай иш алып баруу жана аларды кырсыктардан сактануу багытында кырсыктарды алдын алууга жана катталган учурда уюштуруу иштерин жүргүзүү болуп саналат. Штабдык машыгуунун соңунда ӨКМнин ар бир кызматкеринин даярдыктарына баа берилет.

  Аталган машыгуу саат 14:00дө жыйынтыкталмакчы.