КГНУ КГНУ мугалим

Кыргыз Эл жазуучусу, профессор Качкынбай Артыкбаев Жусуп Баласагындын атын Кыргыз улуттук университетке койдуруу менен бул улуу инсандын 975 жылдык юбилейин республикалык масштабда өткөрүүнү да 90-жылдары эле сунуш кылган. Мындай сунуш өкмөт тарабынан каралып, 1991-жылы Жусуп Баласагындын 975 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча  ал кездеги Премьер-министр Насирдин Инсанов башында турган “өкмөттүк юбилей комиссиясы” түзүлүп, ошол эле жылы 18-октябрда чогулуш өткөрүлүп, юбилейди жакшы даярдык менен 1993-жылы өткөрүүнү белгилешет. Тилекке каршы, ага жетпей Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда күтүүсүз жерден каза болуп, анын ордуна жаңы премьер-министр Турсунбек Чынгышев дайындалып, 1992-жылы 28-сентябрда чогулуш өткөрүп, конкреттүү жүргүзүлө турган иш-чаралар бекитилет. Ошол план боюнча Төлөгөн Козубеков Жусуп Баласагындын «Куттуу билим» дастанынын кыргыз тилиндеги котормосун экинчи жолу массалык нуска менен чыгартып алууга үлгүрөт. Албетте, эң биринчи кыргыз тилиндеги поэтикалык котормо катарында окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынды. Бирок кемчиликтерден да кем эмес. Бул тууралуу буга чейин эле жазылып келди. Ошентип, бекитилген план боюнча “өкмөттүк юбилей комиссиясы” жаңыдан иштей баштаган кезде, ошол учурдагы Чүй облакими болуп турган Апас Жумагулов юбилей комиссиясынын мүчөсү катары Жусуп Баласагын туулуп өскөн шаардын калдыгы болгон Токмоктун үстүндөгү Бурананы оңдоп, туристтер бара турган чакан комплекс курууга да макул экендигин комиссиянын чогулушунда айтып өткөнүн угушат. Бирок айткан сөзүн орундатпаган Апас Жумагуловго профессор Качкынбай Артыкбаев 1995-жылы 30-декабрда  эскертүү иретинде кайрадан кат жазат. Бул катка 1996-жылы октябрь айында ал кездеги премьердин аппаратындагы идеология бөлүмүнүн башчысы: «Жусуп Баласагындын юбилейин 1997-жылга, же 1998-жылга киргизүү маселесин карап жатабыз»,-деп жооп берген. Бул жооптун жыйынтыгы эч кыймылга келбегендигин сезген профессор К.Артыкбаев 1997-жылы 4-сентябрда Жогорку Аттестациялык комиссиянын чогулушуна Мира Жангарачеванын келгенинен пайдаланып, чогулушта чыгып сүйлөп, жогорку козголгон маселелердин кыскача тарыхын айтып, премьер-министр Апас Жумагуловго эки маселени – биринчиси, Жусуп Баласагындын 980 жылдык юбилейин өткөрүү, экинчиси, КУУга Жусуп Баласагындын ысымын койдурулушун тезирээк чечип берүүсүн өтүнөт. Атүгүл, ал кездеги «Республика» гезитинин 1997-жылы 10-декабрындагы санына «Өкмөт Жусуп Баласагынга кайдыгер мамиле кылбаса!» деген ачык катты Апас Жумагуловго жазып жарыялоого жетишет. Экинчи маселе 2002-жылы 13-майда кеч болсо да чечилди, ал эми биринчи маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей, али дагы күмөндүү суроолордун тегерегинде калып жаткансыйт. Профессор К.Артыкбаевдин бул жолку аракети да иш жүзүнө ашпайт. Ага карабай К.Артыкбаев кайра Мира Жангарачевага телефон чалып, аны менен жолугушууга убадалашат. Убадалашкан боюнча барган К.Артыкбаев вице-премьер Мира Жангарачевага жолугуп, андан ары анын дайындоосу менен ал кездеги социалдык өнүгүү департаментинин башчысы К.Исаковго жолугат. К.Исаков  К.Артыкбаевге: «Университеттин 5-6 аксакалдарына кол койдуруп, эки кат алып келиңиз, алардын чечимдеринен кийин биз карайбыз»,-деп жооп берет. Профессор К.Артыкбаев  К.Исаковдун  айтканындай «Ала кушту атынан» аттуу эки кат жазып, ал каттын аягына профессорлор А.Садыковго, Б.Алымовго, К.Асаналиевге, С.Закировго, С.Шатмановдорго кол койдуруп, дароо эле жеткизет. Бул каттын мазмунун «Кыргыз руху» гезитинин 1997-жылы 15-16-декабрындагы санына да жарыялап, коомчулукка сунуштайт. Профессор К.Артыкбаев тарабынан жүргүзүлгөн мындай аракеттер эске алынбастан, министрлик менен ректорат биргелешип, Жусуп Баласагындын тарыхын толук билбегендиктин кесепетинен 1997-жылы 30-декабрында мындайча жооп беришет. «Министерством образования науки и культуры, совместно с ректоратом и профсоюзной организацией КГНУ рассмотрено обращение группы преподавателей факультета кыргызской филологии в Правительство Кыргызской Республики о присвоении Кыргызскому государственному национальному университету имени средневекового ученого историка, языковеда, философа Жусупа Баласагына.Коллектив университета считает, что сущность вуза, его задачи и приоритетность среди других выражает присвоенной Указом Президента Кыргызской Республики от 11.08.93 г.статус –«национальный». Бул каттын мазмунун К.Артыкбаев окуп чыгып, алигиче Жусуп Баласагындын ким экендигин билишпегендигине нааразы болуп, дагы эле болсо Жусуп Баласагын тууралу маселе бир жактуу жана ишеничтүү чечилбей калганын билет. Бирок акыры өжөрлүк менен К.Артыкбаев 2002-жылы 13-майда КМУУга Жусуп Баласагындын атын койдурууга жетишет. Бирок Жусуп Баласагындын 980 жылдык юбилейи тууралуу көтөрүлгөн маселе алиге чейин иш жүзүнө ашпай, бүгүнкү 1000 жылдыкка чейин эч бир жерде айтылбай, Кыргыз Улуттук университети Жусуп Баласагын атында аталып калганына 10 жылдан ашык убакыттан  кийин 1000 жылдык өткөрүлүү жөнүндөгү иш-чаралар башталганы кимди болсо кубандырат. Атүгүл, Жусуп Баласагынга байланыштуу Эл аралык деңгээлде илимий-практикалык конференция Кыргызстанда өткөрүлө элек. Бизге караганда орус окумуштуулары 1970-жылы 2-июндан 4-июнга чейин Ленинград академиясынын Чыгыш таануу бөлүмүндө Жусуп Баласагындын «Кутадгу билиг» дастанынын 900 жылдыгына арналган түркологдордун бүткүл союздук 4-конференциясы  болуп өткөн. Бул конференцияда Жусуп Баласагынга байланыштуу илимий баяндамалар окулуп, «Советская түркология» журналынын 4-санына жарыяланган. Ал эми Кыргызстандагы өзүбүздүн бабабыз Жусуп Баласагындын юбилейи тууралу жаңы гана иш чаралар башталгансыйт. Акыры эл арасында белгилүү сөз бар, мунусуна да шүгүр… 2014-жылы 12-ноябрда Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча  иш-чараларды депутаттардын кезектеги жыйынында тиешелүү комитет сунуш кылып, ал иш чараларды депутаттар колдоп бергендиги тууралуу интернеттик булактардын бардыгында жазылды. Ошол иш-чаралардын бир негизги сунуш катары бир ой-пикиримди айтып кетсем ашыкча болбос.  Кыргыз Улуттук университетибиздин Жусуп Баласагын атында аталып калышына быйыл 13 жылдын жүзү болду. Мындай ийгилик менен эң кейиштүү жери, бул бабабыздын кандай тарыхый баалуулугу бар экендигин жалпы журтчулук, алардын ичинде өзгөчө жаштар же студенттердин дээрлик бардыгы толук билет дегенден алыспыз. Мындай көрүнүш жылдан-жылга көрүнүп келе жатат. Көп эле мисалдарды келтирсек болот. Мисалы жакында депутаттардын Жусуп Баласагынды уйгур го деген күмөндүү суроолорун берип турушу, же «Азаттык» радиосунун кабарчылары Бишкектеги айрым жогорку окуу жайларынын ичинен Кыргыз техникалык университетинин студенттеринен: «Исхак Раззаков ким болгон?»-деп суроо бергендеринде: «И.Раззаков – кыргыз эл жазуучусу»,-деп жооп беришсе, ал эми биздин Улуттук университетибиздин аталышы: «Эмне үчүн Жусуп Баласагын атында аталып калды? Жусуп Баласагын ким болгон?»-деп сураганда: «Билбейбиз»-деген жооптон башка жоопторду уга алышкан жок. Көрсө, биздин эле университетибизде окуган студенттерибиздин бул адам тууралу маалыматтары жок экен. Мындай билбестик кимди болсо да бушайман ойго алып келет. Жусуп Баласагын атындагы университетинде окуп жаткан студенттердин Жусуп Баласагын ким экендигин билишпегендиги биз үчүн уят иш болору талашсыз чындык. Ошондуктан, КУУдагы кыргыз адабияты кафедрасынын жамааты жаңы окуу жылынын башталышында ар бир факультеттердеги биринчи курстун студенттерине окуу процесс башталаары менен Жусуп Баласагын тууралуу, 24 сааттын көлөмүндө орус, кыргыз  тилинде лекция окуп, тиешелүү маалыматтарды берүү өтө зарыл деп эсептейбиз. Бул лекциялык сабак атайын окуу процесстин планына киргизилип, милдеттүү түрдө окутулса, иштин ийгилигине гана алып келет эле. Ошол максатта быйылкы Жусуп Баласагындын 1000 жылдык юбилейине карата жана мамлекетибиздин мамлекеттүүлүгүн көтөрүү багытында жаңы окуу жылынан баштап Жусуп Баласагын тууралу лекциялык маалыматтар башталса деген сураныч менен  иш чаралардын негизги бир багыты катарында өкмөт тарабынан окуу стандартына негизги лекциялык курс катары киргизилсин деген токтом чыгып, билим министрлигине буйрук берилсе деген сунушту  тиешелүү комитетке жазуу менен  бул сунушту туура түшүнүү менен колдоп берет деп терең ишеничте киргизип отурам. Эгерде биз ата-бабалар калтырып кеткен мурастарды көтөрбөсөк, аларды жаштарга терең үйрөтпөсөк, кийинки өсүп келе жаткан муун кандай болооруна  эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, бүгүнкү күндөөзүбүздүн  көзүбүзчө эле бизге тиешелүү мурастарды башка улуттун өкүлдөрү ачыктан-ачык талашып, коомчулукту арсар ойго алып келип жатпайбы.

Назгүл ТУРДУБАЕВА, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты