Азыранкулов1-

3-мартта Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында КР Жогорку Кеңешинин “Республикалык бюджеттен каржыланган окуучулардын жана студенттердин контингентинин бар экендиги боюнча башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жаатындагы иштин абалын иликтөө жөнүндө” 2014-жылдын 11-июнундагы № 4149-V токтомунун аткарылышы  жөнүндө маселе каралды.

Бул маселе боюнча чакырылган КР Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов Жогорку Кеңештин 2014-жылдагы 11-июнундагы №4149 токтомун аткаруунун негизинде кесиптик лицейлерди оптималдаштыруу маселелери боюнча иш жүргүзүлгөндүгүн маалымдады. Анын натыйжасында кесиптик лицейлердин штаттык бирдиктери, окуу жайлардын түйүндөрүн жана окуучулардын санын оптималдыштыруунун негизинде 18 кесиптик лицей бириктирилип, 9га айланган, жер-жерлерде 21 филиал жабылган. Жыйынтыгында 2014-жыды бюджеттик каражаттан 51 миллион сом үнөмдөлгөн. “Максат баарын эле кыскартуу эмес, маселенин максаттуулугуна көңүл бурдук”,- дейт министр. Ошону менен катар айрым мектептерге тигүүчү жабдууларды алып берип, окуучуларды кесипке үйрөтүү боюнча пилоттук долбоорлор иштеп башталганы, Германия кызматташуу уюуму (GIZ) менен окуу жайлардын имараттарын ремонттоо иштери башталаары белгилүү болду.

Талкууда депутат Элмира Иманалиева окуучулардын санын оптималдаштырууда кесиптик-лицейлердеги 3 жылдык окуу рыноктун адистерди тез даярдап берүү талабына жараша кыскартылгандыгын тактады. Ошону менен катар лицейлерде орто билими боюнча аттестат менен кошо кандайдыр бир кесиптин адиси болгондугу боюнча сертификат алып чыккандай тутум болушу зарылдыгын белгиледи.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев менен депутат Роза Акназарова кесиптик лицейлерде жаңыча иш алпарыла баштаганын эске алуу менен оптималдаштыруудан үнөмдөлгөн бюджеттик каражаттар кыскартылбай, аларды өнүктүрүүгө, окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого багыттоо зарылдыгын билдиришти. Ошону менен катар К.Осмоналиев Токмок шаарындагы кесиптик лицейлерге кадр даярдоо ишин колго алган Индустриялдык техникумду дагы күчөтүү керектигине токтолду.

Жыйынтыгында депутаттартарабынан айтылган сунуш-пикирлерге көңүл буруу боюнча КР Өкмөтүнө тапшырма берилип, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин жетекчилеринин маалыматтарын эске алуу боюнча чечим кабыл алынды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.