шыкмаматов123
Бүгүн Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов ээлеген кызматын тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппараты билдирди.
Эске салсак, А.Шыкмаматов кечээ кечинде “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө Президенттик Аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевден коом алдында кечирим суроо талабына макул эместигин айтып, андан көрө кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген эле.
Мурдараак Д.Нарымбаев Парламенттик көпчүлүк коалиция кеӊешинин жыйынында министр А.Шыкмаматов гезиттердин биринде мурдагы Баш прокурор А.Салянованын отставкасы Президенттик Аппараттын жетекчисинин оюнунун жыйынтыгы деп айтканы үчүн коом алдында кечирим суроосун талап кылып кайрылган. Бирок, А.Шыкмаматов андан маек алган журналист анын сөздөрүн туура эмес бергендигин айтып, кечирим суроодон баш тарткан.
А.Шыкмаматов кызматын тапшыруу тууралуу арызын жазуу менен бирге, ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын дагы бир жолу белгилеп, гезиттеги сөздөрдү айтпаганын, ошол себептен Д.Нарымбаевден кечирим сурабасын кошумчалаган.
Динар Турдугулова