кара-кече

Жаңы кызматка дайындалганы жаны жай албаган вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева апта ичинде Теңир-Тоого аттанып, Нарын облусунда өткөн жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын угуп, 2015-жылга тапшырмаларды дайындап кайтты.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн жыйынында ал салыктан качып, өз көмөчүнө күл тартып жаткан Кара-Кече көмүр кениндеги ишканаларды тартипке салуу керектигин баса белгиледи. Айтымында, эгер ушул эле көмүр кенин сарамжалдуу иштетсе, Нарын облусу дотациядан баш тарта алат.

Атай АЛТЫМЫШЕВ