сахар1

Соңку убактарда Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан жарандардын катары барган сайын өсүп барат. Мындан 5-10 жыл мурда бул оору менен жабыркагандардын жаш курактары 40 жаштан өткөндөр болсо, бара-бара бул оору менен айрыкча, 18-25 жашка чейинки жаш улан-кыздарда кездешүүдө. Ал тургай, айрым учурда жаңы төрөлгөн ымыркайларда кант диабетинин белгилери болуп жатканы өкүнүчтүү. Дегеле, кант диабети эмнеден улам келип чыгат, ал кандай оору, анын белгилери жана себептери эмне экендиги тууралуу иликтеп көрдүк.

Кант диабети акыркы 4-5 жылдан бери Кыргызстанда эң көп тараган оорулардын бирине айланып барат. Албетте, бул өкүнүчтүү. Адам баласынын бул ооруга кабылышына негизги себептер көп экенин дарыгерлер айтып келет. Алардын көпчүлүгү белгилегендей, ашказандагы инсулиндин жана темирдин жетишсиздиги кант диабети оорусуна алып келет. “Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен да пайда болот. Уйку без сезгенгенде бетоклеткалар жабыркап, шишийт. А бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып, натыйжада кант диабети пайда болот. Кээде өтө майлуу тамактарды жегенде да уйку бездери жабыркайт. Ошондой эле бул оорунун пайда болушуна тукум куучулук, адамдагы маанай чөгүүчүлүктөн, кыжаалаттыктан келип чыккан стресстик абал, ар кандай вирустук инфекция жана дененин бир жеринен жаракат алуу да алып келиши ыктымал”, – дейт Улуттук госпиталдын врач-хирург-эндокринологу Ошик Ошиков. Демек, кант дабетинин оор жана жеңил түрү болот экен. Оор түрүнө тубаса, башкача айтканда, бала жаңы төрөлгөндө эле организминде кант диабети бар болуп төрөлгөндүктөн, аны дарылоо кыйынга турат. Аларды 20-25 жашына чейин айыктырбаса, өтүшүп кетип, айыктыруу мүмкүн болбой калаарын дарыгерлер эскертишет. Ал эми жеңил түрү көбүнесе 40-50 жаш курактагы адамдарда байкалат. Бул этапта оорунун оор түрүнө өтүшүп кетпөөсү үчүн тынымсыз дарыланып туруу менен аны жеңсе болот.

Диабеттин белгилери

Кант диабетине чалдыккан адамдын организми алгач адаттагыдан да сууну көп талап кыла баштайт. Ошондой эле ал адам алсыз болуп, адаттагыдан көп заара ушата баштайт жана тамакка табити кетип, күндөн-күнгө арыктай берет. Бул белгилерди байкабай жүрө берсе, адамдагы кандын курамындагы кант 20-25ке чыгып кетет. Негизи, кандын курамындагы канттын нормасы 5-5,8м.миллилитр болуусу кажет. Бул учурда нормалдуу болуп эсептелет. Айта кетүүчү жагдай, кант диабетине кабылган адамды сыртынан карап, анын бул оору менен ооругандыгын билүүгө болбойт. Ал атайын гликомент деп аталган медициналык прибордун жардамы менен гана аныкталат.

Маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө кант диабети менен 200 миллиондон ашык адам жабыркашат. Илдет жылдан-жылга өсүп, анын курмандыктары көбөйүп жатканы тынчсыздандырбай койбойт. Кант диабетинин кесепетинен бир жылда дүйнөдө 600 миңден ашык адам көрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушуп, 500 миңдейинин бөйрөктөрү иштебей калат. Ал эми ооругандардын жарымынан көбү өзүнүн оорусу жөнүндө билишпейт. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюмунун маалыматтары боюнча, бир жылда кант диабетинен 4 миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болот.

Ал эми Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын так саны белгисиз. Анткени, алардын 50 миңге жакыны расмий түрдө катталган, катталбай, өзүнүн оорусуна маани бербей жүргөндөр андан да көп дешет адистер.

Алдын алуу үчүн

Ар бир эле оорунун алдын алуу үчүн биринчи кезекте туура тамактанып, спорттук көнүгүүлөрдү жасап туруу кажет. Ошондой эле майлуу, куурулган жана калемпирлүү же, ачуу тамак-аштарды көп колдонбой, спирт ичимдиктеринен, чылым чегүүдөн алыс болуу зарыл экенин дарыгерлер эскертип келишет. Булар канттын көбөйүшүнө гана алып келбестен, адамдын организминдеги башка ооруларды да козгошу толук мүмкүн. Ооруну дарылоодо диетаны жакшы көзөмөлдөө менен бирге рационунан ун, кант, таттуу жана майлуу тамактарды таптакыр алып салуу талапка ылайык. Кант диабети менен ооругандарга эң башкы эреже уруксат берилбеген азыктардан баш тартып, коон, инжир, жүзүм, мейизди таптакыр эле унутуп койгон туура. Ошондой эле глюкозага бай азыктарды колдонуу өтө коркунучтуу. Анткени, алар канга бат сиңип, дароо кандагы канттын өлчөмүн көтөрүп жиберет. Кантка чалдыккандар үчүн эң пайдалуу азыктар: сабиз, помидор, баклажан, ашкабак, алма, апельсин, лимон жана кара өрүк.

“Кант диабети канда глюкозанын жогору болушу менен байланышкан өнөкөт оору. Муну медициналык тил менен “гиперлейкемия абалы” деп аташат. Муну менен балдар да, чоңдор да жапа чегишет. Ал биринчи типтеги жана экинчи типтеги диабет болуп ич ара экиге бөлүнөт”,- дейт врач-эндокринолог Юлия Тапаева.

Анын айтканы боюнча, 1-типтеги диабетте организмде инсулин аз иштелип чыгат же таптакыр жок болот. Анда вирустук инфекциялар, курчап турган айлана-чөйрөнүн терс таасири, туура эмес тамактануу чоң роль ойнойт. 2-түрү менен негизинен ашыкча салмактагы адамдар оорушат. Аларда инсулин жетишээрлик өлчөмдө иштелип чыкканы менен организм  гормондордун таасирине начар жооп бергендиктен, инсулиндин жетишсиздиги пайда болот. Кант диабети оорусу менен жапа чеккендердин дээрлик 90%ы ушул экинчи тибине кирет экен.

Ашыкча салмак да коркунучтуу оору

Ашыкча салмак демекчи, бул оорудан да жапа чеккендердин саны көбөйүп жатканын айтып, кыргызстандык дарыгерлер коңгуроо кагып келет. Бул да болсо туура эмес тамактануудан, тез татым тамак-аштарынын соңку убактарда кеңири жайыла баштаганынан пайда болууда. Дарыгер Рысбек Калыевдин айтымында, өзгөчө жаштар убакыт-сааты жок тамак ичип же, майлуу, эттүү тамактарга качырып, бул алардын ден соолугуна олуттуу таасир этип, ашкере семирип кетүү көйгөйүн жаратууда. Расмий статистикага таянсак, ашыкча салмак оорусу жүрөк, кан тамыр ооруларынан жана кант диабетинен кийинки эле катардагы коркунучтуу оору экени айтылат. Байыртадан кыргыздардын тамактануу өзгөчөлүктөрү Европа өлкөлөрүнөн кескин айырмаланат. Адатта, европалыктар холестерин деп качышкан эттүү, майлуу тамактар кыргыз дасторконунда абдан баркталат. Диетологдор кыргыз коомчулугунда ашыкча салмак күтүү дал ошол европа тамак-ашынын жайылышы менен курч мүнөзгө айланып баратканын белгилейт.

Ашыкча салмак рак оорусуна алып келет

Чектен ашып семирүү адамды ракка алып келиши мүмкүн экенин америкалык дарыгерлер иликтеп чыккан. Алар биринчи кезекте рак оорусун жана анын пайда болуу себептерин изилдегенде, дүйнөдөгү ракка кабылгандардын жарым миллиондон ашыгы ашыкча салмактагылар болуп чыккан. Ал эми туура эмес тамактануу жана аз кыймылдоо ашыкча салмактуулукка алып келчү жагдайлар экени да изилденген. Ашыкча салмактуулукка алып келген бул эки жагдай көбүнчө бөйрөк, ичеги, ашказан, табарсык, боордун рагына себеп болот деген тыянак бар.

Туура тамактанып, дене көнүгүүлөрүн жасап, толуп кетүүдөн сактануу аркылуу рактын бир топ түрлөрүнүн алдын алса болоору белгилүү болгон менен эмнегедир коомчулукка бул маалымат жайылбай жатканы тууралуу дарыгерлер айтат.

Учурдагы маалымат боюнча, Кыргызстанда ашыкча салмак дарты менен жалпы калктын 9,7%ы жапа чегет. Улуттук статистика комитетинин гендердик-бөлүштүрүү жыйынында белгилүү болгондой, 2012-жылы ашыкча салмак менен 32,3% эркектер, 29,6% аялдар катталган. Ашыкча салмактын болушу негизинен 50 жаштан ашкан адамдарда байкалат. Бирок, азыр балдардын жана өспүрүмдөрдүн ашкере толуп кетүүсү актуалдуу көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын айткан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эндокринология бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Нурбековна толуп кетүү бир гана эндокриндик көйгөй эмес, ага башка да факторлор себеп экенин кошучалайт. “Эволюциялык процессте адамзат азык-заттар тартыш мезгилде деле май топтоого мүмкүндүк берүүчү генге ээ. Тажрыйба көрсөткөндөй, толук балдардын ата-энелеринин биринде май алмашуу бузулган болот. Ошондой эле кыймылдын аздыгы, майлуу тамактар менен азыктануу, кечинде же түнкүсүн ашыкча тамактануу, мындан тышкары үй-бүлөнүн начар турмушу да таасирин тийгизбей койбойт. Айрыкча, өсүү процессиндеги бала чоңойгондо гипертония, диабет, атеросклерос сыяктуу ооруларга кабылаары шексиз.

Туура тамактануу менен ашкере толуп кетүүнү жеңсе болот

Ашыкча салмактагы адамдар көп учурларда өзүнүн келбетинен кысынып, тартына берет. Мындай стресс абалда өзүлөрүн тамак-аш, болгондо да таттуу татымдар менен алаксытышат. Ал эми дарыгерлер ашыкча салмактагыларга канттын өлчөмүн чектеп, тескерисинче, крахмалга бай картошка, күрүч ж.б. тамак даярдап жегенди, ошондой эле сүт азыктарын, накталай мөмө-жемиш ширелерин сунуш кылат.

Ашыкча толуп кетүүгө дагы алкоголсуз суусундуктар болгон “кола”, “фанта”, спрайт” жана “балдар шампанынын” да таасири түз. Алар толуп кетүүгө гана негиз болбостон, организмдеги кальцийди жууп чыгарып салат. Ошондон улам диетологдор ширелер менен газдуу суусундуктардын ордуна кайнак суу же накта мөмө-жемиштердин кайнатма суусундуктарын ичүүнү сунушташат.

Динар Турдугулова