61663

Калк отурукташкан жердин электр камсыздоосуна жаратылыш шарттары гана коркунуч түзбөстөн, чанда-чанда буга электр жабдууларды уурдагандар,  катуу айдоочулар себепкер болот.  11-февраль түнү борбордук Ак-Босого конушунда “ЗИЛ-157” маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу 10 кВ аба электр чубалгысынын тирөөчүсүн сүзүп кеткен. Мунун натыйжасында тирөөчү кулап, аба электр чубалгылары үзүлүп кеткен. Жыйынтыкта айдоочу 100дөн көп үй курулуштарды электр энергиясыз калтырган. Кырсык болгон жерге барган Батыш РЭСнин электр куроочулары белгисиз айдоочу калтырган S 82-24 B маркасындагы  унааны гана табышкан. Бул иштин материалдарын “Северэлектро” ААКнын Батыш РЭСи Бишкек шаарынын ички-иштер министрлигинин жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматына өткөрүп беришти. Эми, кырсыктын күнөөкөрү келтирген зыяны үчүн “Северэлектро” ААК 28 миң сомго жакын чыгым ордун толуктап берүүгө муктаж.

Быйылкы жылдын январь айында мындай окуялар Чүй облусунун Аламүдүн районунда катталган: айдоочулар Беш-Күнгөй, Аламүдүн айылдарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 2 түрөөчүсүн сүзүп кетишкен.

Энергетиктердин айтуусунда, көп учурда катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан айдоочулар трассалардагы аба электр чубалгыларынын тирөөчүлөрүнө сүзүлүшөт.

2014-жылы гана ылдамдыкты сүйгөн айдоочулар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 3 тирөөчүнү сүзүп, “Северэлектро” ААКга 92,5 миң сомго жакын зыян тийигизишкен.