аба

Өнөржайлык революция башталган мезгилден баштап климаттын ысуу тенденциясы жүрө баштаганын окумуштуулар айтып келишти. Изилдөөлөргө ылайык атмосферага парник газдарынын топтолушу түздөн-түз адам баласынын жашоо ишмердигинин кесепети болуп саналат. Көмүр, мунай жана газ адам баласынын жыргал жашоосу үчүн кандай кызмат кылса, атмосфераны ошондой эле булгайт.

Изилдөөчүлөрдүн ынанымында дүйнөдө өнөр жай тармагы өнүгө баштаган 1750-жылдан кийинки мезгилде абада парник газдарынын көлөмү өскөн. Парник газдарынын атмосферада ченемсиз көп топтолуш кесепетинен абада жана жер бетинде температура көтөрүлүүдө. Алсак, Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун адистеринин маалыматы боюнча 2012-жылы атмосферада көмүр кычкыл газынын топтолушу индустриалдык доорго чейинки мезгилден 42%га көп экендигин көрсөткөн. Окумуштуулар көмүр кычкыл газынын көлөмү абада өсүшүнүн башкы себеби катары жерден казылып алынган отунду жагуудан тышкары да токойлорду жок кылуу, жер иштетүү системасындагы айрым өзгөрүүлөрдү аташат. Ошондой эле парник газдарынын өсүшүнө табигый процесстердин, мисалы, жер кыртышынын же суунун буулануулары жана башка газдардын абага бөлүнүп чыгуусунун да салымы бар.

Ошентсе да эксперт-климатологдор планетанын глобалдуу ысуу процессинин эң башкы күнөөкөрү катары адам баласын эсептешет. Окумуштуулардын пикиринде, климаттын өзгөрүшү 21-кылымда курчап турган чөйрө жана адамзат үчүн чоң коркунучтарды жаратат. Бүгүнкү күндө эле жер шарынын ар кайсы жеринде климаттын өзгөрүшүнүн таасири сезиле баштагансыды. Акыркы жылдарда бирде суу ташкындап, алай-дүлөй бороон жүрсө, бирде адаттан тыш ысык же болуп көрбөгөндөй суук болуп, дагы бир жерде нөшөрлөп жамгыр жааса, башка жерде кургакчылык өкүм сүрүп, айтор, бул сыяктуу табият “сюрприздери” көбүрөөк кайталана баштады. Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун башкы катчысы Мишель Жарронун айтымында, абада парник газдарынын топтолушунун натыйжасында атмосфералык баланс бузулуп, бүгүн мөңгүлөр эрип, дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлүүдө, а кылым соңунда орточо температура 4,6 градуска көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок климатологдордун жана атайын адистешкен уюмдардын мындай божомолуна карабастан жакында эле окумуштуулар акыркы жылдарда климаттын ысышы токтогонун жарыя кылышты. Узак жылдар бою климаттын ысышынын негизги себепкери катары айтылып келген завод-фабрикалар баягыдай эле иштеп, нефти, газ жана көмүр күргүштөлүп казылып, автоунаалар дагы эле көчөлөргө батпай жатпайбы? Ошентсе да абанын ысышынын токтоо себебин окумуштуулар таап чыгышты.

Ысык аба муздакка алмашууда

Адам баласынын келечек жашоосу үчүн көйгөй жаратчу климаттын глобалдуу ысышы мындан 15-16 жыл мурда токтогон. Окумуштуулардын баамында, 1990-жылдардын жарымынан кийин жер планетасынын орточо температурасы көмүр кычкыл газынын атмосферага бөлүнүп чыгышынын өсүп жатканына карабай кыйла төмөндөгөн. Метеорологдордун маалыматы боюнча 1998-жылдан 2012-жыл аралыгында абанын ысышы мурдагы убактарга салыштырмалуу төмөн болуп, 0,04 градус цельсияга гана өскөн. Ошентип адамзатты кооптонткон климаттын глобалдуу ысышы не болду? Азыр бул маселенин айланасында окумуштуулар ой жорууда.

Көпчүлүк окумуштуулар климаттын ысышынын табышмактуу токтошу океандардын жылуулукту тереңге жутуп алышы менен түшүндүрүүдө. Климатологдор океандарды температуралык өзгөрүүнү өзүнө сиңирип, жылуулукту жутуп алуучу гиганттык “конструкция” катары мүнөздөшүүдө. Алардын ынанымында океандын үстүндөгү суунун муздашынан климаттын ысышы басаңдаган. Анын себеби, суунун аралашуусунан тереңдеги муздак катмарлардын үстүнө чыгышына алып келген татаал климаттык кубулуш болуп саналат. Башкача айтканда, жер үстүндөгү жылуулук суунун түбүндөгү муздак менен алмашкан деп түшүнсөк болот. Бирок бул анын бирден-бир себеби эмес. Айрым окумуштуулар климаттын ысышынын токтогонун Күндүн кандайдыр бир себеп менен акыркы 10 жылда жылуулукту аз берип жатканы менен түшүндүрүшөт. Дагы бир версия боюнча атмосферага катуу бөлүкчөлөрдү бүркүп атылып чыккан вулкандар жылуулукту кайра космоско айдап, жер температурасы убактылуу турукташкан.

Адам ишмердиги табиятка таасир эте алабы?

Климатологдор глобалдык ысуунун табигый токтошу узакка созулат деп айтышка эч кандай негиз жок экенин эскертишүүдө. Алардын көз карашында климаттын ысышындагы тыныгуу жакында аякташы мүмкүн жана жердеги температуранын ысышы уланат. Айрым эсептөөлөргө ылайык кылым соңуна карата биздин планета 2 градус цельсияга ысык болот. Бул анча деле маанилүү сезилбеши мүмкүн. Бирок, жердеги температуранын ушундай эле өзгөрүшү адам турмушуна оор кесепеттерди алып келиши ыктымал. Айрым окумуштуулар эгерде парник газдарынын көлөмүн азайтууга барбасак, кылым соңунда ысуунун ылдамдыгы күчөп, катастрофалык 5 градуска өсүшү мүмкүн экендигин айтышууда. Илим жана жаңы технологиялар энергиянын көптөгөн альтернативалуу булактарын ачууда. Бирок аларды толук кандуу турмушка киргизүү үчүн убакыттын жана каражаттын зарылдыгын айтпаганда да, алар климаттын өзгөрмөлүүлүгүн токтотууга кепилдик бере алабы? Дегеним, окумуштуулар арасында атмосферада парник газдарынын топтолуусу болбогондо изилдөөлөр көрсөткөндөй жерде муз доору башталмак деген көз караштагылар да бар. Климаттын ысышына антропогендик фактор жөнүндө айтканыбыз менен парник газдарынын, же тышкы фактордун таасирине карабай климаттык процесс өз өнүгүүсүнөн жазбаган учурлар да кездешет. Мисалы, россиялык окумуштуу В.Арутюновдун маалыматы боюнча 1940-жылдардын башында отунду пайдалануу темпи төмөндөгөнүнө карабастан, глобалдуу температура тез өскөн. А 1960-1970-жылдары углеводородду пайдалануу тез өскөндө глобалдуу температура тескерисинче төмөндөгөн. 70-жылдардан 90-жылдарга чейин углероддук отунду казуу көлөмү 30%га өскөнүнө карабастан абада көмүр кычкыл газдын жана азоттун кычкылданышынын топтолушу кескин басаңдаган. Же болбосо акыркы 15-16 жылдан бери климаттын ысышы токтоду дегенибиз менен окумуштуулардын маалыматы боюнча 1856-жылдан баштап алганда тарыхта болгон 11 эң ысык жыл акыркы 15 жылда катталган. Адам баласынын жашоо-турмушунун калдыктары жаратылышты жабыркатып жатса да, ал табияттын өнүгүү процессине түздөн-түз таасир эте алабы же жокпу, буга азырынча илим так кесе жооп таба албай жаткан шекилдүү.

Муз доору баш багып турабы?

Орусиялык окумуштуу         В.Арутюновдун пикиринде, эгерде адамзатты келечекте климаттык катастрофа күтүп турса, ал климаттын адаттан тыш ысышынан эмес, тескерисинче, температуранын төмөндөшүнөн болушу мүмкүн. Окумуштуулардын бир бөлүгү Жер планетасынын ысышын уланчу процесс катары эсептешсе, айрымдары тескерисинче кезектеги жаңы муз доору жылып келатканын болжошот. Мындай божомолду япон окумуштуусу, климатолог Мототака Накамура айтууда. Япон окумуштуусу планетадагы климаттын ысуу же муздоо процессин кайталанып турчу циклдик көрүнүш катары карайт. Ал акыркы 50 жыл аралыгындагы дүйнөлүк океандын температурасын изилдеп, 2015-жылдан баштап жер планетасынын Түндүк жарым шарында климаттын ысуу цикли соңуна келип, мындан ары абанын муздоо тенденциясы башталат деген бүтүмгө келген. Бирок ал өз изилдөөлөрүндө климаттын глобалдуу өзгөрүү процессине адам ишмердигинин натыйжасындагы парник газдарынын таасири эске алынбаганын айтып, жакынкы убакта өз командасы менен муну изилдөөгө киришерин билдирген. Андыктан жерде, биринчи кезекте Түндүк жарым шарында климаттын муздоо мезгили белгисиз мөөнөткө жылышы да мүмкүн.

Глобалдуу муздоо жөнүндө Пулково обсерваториясында Күнгө байкоо салуу менен алектенген россиялык белгилүү окумуштуу Хабабулло Абдусамматов да айтат. Анын пикиринде акыркы жылдары Күндүн активдүүлүгү басаңдаганы ачык сезиле баштады. Бул океандардын температурасынын төмөндөшүн шарттап, натыйжада жерде глобалдуу муздоого алып келет.

Климаттын өзгөрүшүнүн таасириби же муздоо процессинин белгилериби, айтор, бүгүнкү күндө чынында эле жер планетасынын Түндүк жарым шарында адаттан тыш суук болуп, кардын көп түшүүсү катталууда. Өткөн жылы Американын 8 штатында кардын болуп көрбөгөндөй калың түшүүсүнөн өзгөчө кырдаал жарыяланып, калктын күнүмдүк тиричилигине көп кыйынчылыктарды алып келди. Канадада кар калың жаап, Италиянын түндүгү карга чөмүлдү. Акыркы 100 жылда кар жаай элек Египетте да кар жаап, египеттиктерди бушайманга салды. Индияда да абанын температурасы төмөндөп, мындайды көрбөгөн элди жүдөттү. Ал эми Кытайдын жаратылыш көркү болгон Хукоу шаркыратмасы катуу сууктан тоңуп, муз скульптурасына айланды. Булар өткөн жылдагы кыш каарынын кесепеттеринин толук эмес тизмеси…

Ушул айдын ортосунда эле кар көрбөгөн Бириккен Араб эмиратында аба-ырайы кескин өзгөрүп, Дубайда күн күркүрөп, чагылган чартылдап нөшөрлөгөн жамгыр жааса, Абу-Даби шаарында да мөндүр аралашкан катуу жамгыр төгүп, жер бетин ак кар сымал басып калганын интернет булактары жазып чыгышты. Абасы ысык жана кургак араб жеринде мындай адаттан тыш көрүнүштөн көчөлөрдү суу каптап, чоң автотыгындар пайда болуп, жол кыймылы татаалдашкан. Айтор, табият табышмагын болжош кыйын, ал эми тапатак табуу андан да кыйын окшоп калды окшойт…

 Бегим Турдалиева