OLYMPUS DIGITAL CAMERA

28-январда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өлкө экономикасынын жана калктын жылытуу мезгилинен өтүү маселеси боюнча 2014/2015-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын селектордук штабын өткөрдү.

Жыйынды ачууда Премьер-министр белгилегендей, акыркы кездерде республиканын энергетикалык тармактагы абалы турукташты. Декабрдын соңунда өлкөнүн түштүк аймагына газ берүү жандандырылды.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, Кыргызстан тарыхта алгач ирет 2014-жылы Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүн сактоо үчүн Казакстан жана Тажикстандан электр энергиясын импорттой баштаган.

Ж.Оторбаев республика боюнча электр энергиясын керектөө көлөмүнө тийиштүү билдиргендей, электр энергиясын 20% үнөмдөө орун  алды.

Өкмөт башчы электр энергиясын жоготууларды кыскартуу боюнча пландын аткарылбагандыгын белгиледи. Анын айтымында, 2014-жыл жыйынтыгы боюнча, бөлүштүрүүчү компаниялар тармагындагы электр энергиясын жоготуулар 16,5% түзгөн.

Андан соң энергетика жана өнөр-жай министри Кубанычбек Турдубаевдин баяндамасы угулду. Ал маалымдагандай, өлкөнүн 72% калкы 700 кВт/саат дейре электр энергиясын керектөө боюнча деңгээлге чыгууда.

«Декабрь айынын жыйынтыгы боюнча маалым болгондой, калктын 28% 700 кВт/саат дейре электр энергиясын керектөө алкагынан тышкары чыгууда. Бүгүнкү күнгө карата күн сайын 6,4 млн. кВт/саат импорттук электр энергиясы келүүдө», — деди Кубанычбек Турдубаев.

Ал маалымдагандай, Финансы министрлиги тоолуу райондордун тургундарына 2014-жылдын төртүнчү кварталы боюнча электр энергиясы үчүн компенсацияны төлөөнү кечиктирүүдө.

Республика боюнча көмүр жеткирүү иши планга ылайык жүргүзүлүүдө.

Андан соң каралган маселе боюнча аймактардагы абалды КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош, Бишкек шаарынын мэрлери маалымдады.

Кеңешме жыйынтыгын чыгарууда Премьер-министр белгилегендей, өзгөчө көңүлдү энергетиканы өнүктүрүүгө буруу керек. Ал Финминге тоолуу райондордун тургундарына электр энергиясы үчүн компенсацияны төлөп берүүнүн кармалышын карап чыгуу тапшырмасын берди. Ал эми КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаевге 2015-2016 –жылкы күз-кыш мезгилине карата «Аврора» жана «Кыргыз деңизи» санаторийлерин альтернативдүү отун түрүнө өткөрүү маселесин карап чыгуу тапшырылды.