Энергетика: тариф арзандады
Февраль айынан тарта электр энергияга болгон баа арзандады. Бул тууралуу отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Нурбек Элебаев билдирди. Мындан ары айына 700 кВт сааттан ашык колдонгон абоненттер 1 сом 82 тыйындан төлөшөт. Эске салсак, буга чейин лимиттен ашкан колдонуучулар 2 сом 19 тыйындан төлөп келишкен. Натыйжада электр энергия жөнөкөй жарандар үчүн 23 тыйынга арзандады. Ал эми башка колдонуучулар үчүн тариф 1 сом 97 тыйындан айланмакчы. Өндүрүш ишканалар буга чейин 2 сом 50 тыйындан төлөп келишкен.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА
Leave a Reply