диль1

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаковду 27-январда кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Электрондук аянтчалар тутумун киргизүү боюнча бетачар өткөрүлдү. Анын алкагында сапаттуу жаңы технологияларга өтүү, “кагаз жүзүндөгү” тендерлерди алгачкы бааланган наркы эсептелип, андан соң, документтер электрондук аянтчага өткөрүлөт электрондук аукционго алмаштыруу сунушталат.

Ведомство кызматкерлеринин айтымында, Электрондук аянтчалардын киргизилиши адамдык фактордун катышуусун жоюп салуу менен тендерлердин ачык-айкын өткөрүлүшүнө шарт түзөт. Учурда тажрыйбаланып жаткан “кагаз тендер” өткөрүү тутумунда баштатан эле адам факторуна байланышкан коррупциялык тобокелдиктер жана мүмкүндүктөр орун алган. Тактап айтканда, коррупциялык схемалар тендердик арыздарды ачуу баскычынан тарта расмий ачууга дейре ишке ашырылышы мүмкүн, жеке кызыкчылыкты жактоо максатында тендерди алып таштоо, ошондой эле катышуучулар ортосунда лотторду бөлүштүрүү мүмкүндүгү бар.

Жыйынтыгында  вице-премьер-министр Валерий Диль иштиктүү топту түзүүнү жана Электрондук аянтча тутумун киргизүү боюнча иш-аракет планын иштеп чыгууну тапшырды.

Таалайбек ТЕМИРОВ