сомдор12

Дыйкандардын мындай кайрылууларын бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар көтөрүп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

“Жаздын бир күнү бир жылга тете” деген таамай сөзгө басым жасаган депутат Эсенгул Исаков Өкмөттүн жазгы айдап-себүү боюнча даярдыктары парламенттин тармактык комитетинде каралгандыгын, анда айтылган маалыматтар декларативдүү мүнөзгө ээ экенин билдирип, дыйкандардын жеңилдетилген насыя баштаган өтүнүчтөрүн эртелеп камсыздап берүү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Абумиталип Кочкорбаев дагы бул маселени улап, насыя, үрөн боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтомдору кармалып жатканын, ветеринария тармагына суралган каражаттын 16% гана берилгендигин айтып, коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Мындан сырткары, депутат капиталдык салымдарга обьекттер кандай критерийлер менен тандала тургандыгын бул ирет дагы аткаруу бийлигинен сурады.

Кант кызылчасын эккен дыйкандар менен баарлашкан депутат Дастан Бекешев кызылча эккенден көрө, Украинадан ташып келүү жагы пайдалуураак экенин сунуштап жатканын айтып, бул маселени карап көрүүнү Өкмөткө багыттады.