Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева журналист Жанар Акаевди сотко берет. Муну 22-октябрда SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы билдирди. Журналисттин үстүнөн арыз жазуу аракетин Кадыралиева агасы Канжар Кадыралиевге байланышкан окуя боюнча “журналисттик бейтараптуулукту сактабай, калыстыктан тайып, бир жактуу каралоого басым жасап, соттун чечими чыга электе Канжар Кадыралиевди кылмышкер атап, жалган маалымат таратууда” деген жүйөгө негиздеген.
Ал эми Жанар Акаев: “Сотко берем десе, берсин. Минтүүгө анын укугу бар. Мен мыйзамга каршы эч нерсе кылган жокмун жана бул ишти иликтөөнү мындан ары да улантабыз”,- деп билдирди.

Айта кетсек, буга чейин К.Кадыралиев менен жеке ишкерге байланышкан чыр коомчулукка жарыяланган эле. “Азаттык” жакында “Караларды” ким тыят?” деген темада материал даярдап, көрсөтүү теледен жарыяланган. Анда Канжар Кадыралиевге байланышкан маалыматтарга кенен орун берилген.

Булак: super.kg