Онкологический1

Бүгүн, 5-мартта “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Майрамгүл Тиленчиева бул ирет Онкологиялык борбордогу коррупциялык тутумдун күч алышы боюнча аталган борбордо дарыланып жаткан оорулуулардын, ал жерде иштеген айрым кызматкерлерден келген кат менен тааныштырды.

Катта кызматынан бошотулган жетекчилер кайра кызматына келип жаткандыгына нааразчылыктар айтылган. Ошондой эле мамлекеттин эсебинен жүргүзүлө турган нур менен терапия, химия терапия сындуу медициналык аппараттар бизнеске айлантылып, өз менчигиндей мамиле жасап жаткандыгы белгиленген. Күнүгө 30-40 оорулууларды борбордун врачтарына таандык делген “Кафмедцентр”, “Бона” аттуу жеке клиникаларга жөнөтүлөт. Жеке клиникаларда оорулуулар күнүгө 3-4 миң сомдон төлөшөт. Мындай коррупциялык схемага Саламаттыкты сактоого тиешеси барбы деген суроолор туулат. Эсеп палатасы жана Октябрь райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында жалпысынан 4 милилонго жакын акча каражатында каржылык мыйзам бузуулар болгондугу аныкталган. Мындан сырткары, МАГАТЭ уюмунун алкагында компьютердик томаграфия орнотулганы менен, ядролук коопсуздук коопсуздукту көзөмөлдөөчү көз карандысыз орган түзүлбөгөндүктөн, оорулуулар Алматыга барып 900 евро төлөп диагностикадан өтүшөт. Ошону менен катар оорулууларга орун табылбай жатса, жеке клиникаларга борбордун ижарага берилген имараттары бар.

Аталган көйгөй Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөндүгүн белгилеген депутат М.Тиленчиева парламенттин Социалдык комитетинде өзүнчө бир маселе кылып кароону сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.