Бокоев1

25-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Кенжебек Бокоев Талас облусундагы бир катар окуу жайлардын студенттери менен жолугушту.

Комитет төрагасы К.Бокоев студенттерге Жогорку Кеңештин, анын комитеттери менен фракцияларынын ишмердүүлүгү менен иш-милдеттери тууралуу учкай маалымат берди. Ошону менен катар 11 мыйзам демилгелеп, күчүнө киргендигин, дагы 4 мыйзам долбоору комитеттердин кароосунда жүргөндүгүн белгилеп, алардын айрымдарына токтолду. Айтымында, депутат демилгелеген мыйзам долбоорлорунун көпчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган. Маселен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик органдардын айрым ыйгарым укуктарын материалдык жана финансылык каражаттары менен кошо өткөрүп берүүгө багытталган мыйзам.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер кен байлыктарды иштетүү, Бажи биримдигине кирүүнүн мааниси, билим берүү жаатындагы көйгөйлөр, жаш үй-бүлөлөргө турак жай курууга жер тилкесин бөлүү сындуу бир катар маселелер боюнча суроолорду берип, жооп алышты.

К.Бокоев Бажы бирлигине кирүүдө Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда товарлар, каржы булактары жана кызмат көрсөтүүлөр ээн-эркин жүгүртүлө тургандыгын белгилеп, жумуш орундарын камсыздоо, коопсуздук сындуу маселелер чечилерин билдирди.

Соңунда студенттери Жогорку Кеңештин депутаты менен эстеликке сүрөткө түшүп, Жогорку Кеңештин имаратына экскурсия кылышты деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.