Мамырова

Мындай пикирин депутат Бөдөш Мамырова 5-мартта Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында билдирди.

Азыркы тапта ушундай маселе көтөрүлүп, демилгеленип жатканын айткан Б.Мамырова Улуттук илимдер академиясына тиешелүү Ботаникалык бакчанын илимий иштерди жүргүзүүдөгү маанисине токтолду.

Ботаникалык бакчаны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигине өткөрүү туура эмес деген Б.Мамырова бул маселе терең талданып, ойлонулуп, анан чечим кабыл алынышы керектигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Абдулатип Режевалиев Кызыл-Кыя шаарынын “Түштүккыргызцемент” ишканасы жакын жайгашкан үйлөргө ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын ортого салды.

Депутат Таалайбек Ибраев Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл өкмөтүндөгү Асыл тукум кой чарбасына тиешелүү имараттар четинен тонолуп-таланып жатканын айтып, чара көрүү боюнча жериликтүү кеңеш депутаттарынын кайрылуусу менен тааныштырды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.