чынгызхан

Кыргыз элинин улуулугунда, байыркылыгында, баатырлыгында эч кандай шек жок. Бул тууралуу дүйнөлүк тарых да тастыктап турат. Кыргыздар Борбордук Азиядагы түрк элдердин эң байыркысы экенин илимпоздор да бир ооздон баса белгилеп келишет. Муну Хунндардын (хунну) доорунда (б.з.ч. 201-жылдар) Кытай булактарына кыргыздардын “Гянгунь” деп түшүшү да ачык далилдейт.

Андан бери адамзаттын тарыхында не деген орошон окуялар өтпөдү. Кыскача айтсак, 840-жылы кыргыздар Улуу Кыргыз Каганаттыгын курган. Орто Азияда болсо 940-жылы Караханиддер бийликке келди. Алардан бийлик эстафетасын кара кытайлар тартып алды. Мына ушулардан кийин тарых аренасына Чыңгыз хан чыкты.

Азыркы учурда Чыңгыз ханды талашпаган эл аз. Бирок, аны илим жолунда тарыхый булактар менен далилдөө зарыл. Ушул багытта Чыңгыз хандын кыргыз экендигин орус окумуштуусу Евгений Кычанов ж.б. аалымдар да айтып чыгышкан. Анткени менен талаш дале уланууда…

Кыргыз тарыхын терең изилдеш керек

Чыңгызхандын тарыхын жазыш үчүн баарынан мурда кыргыз элинин ошол мезгилдердеги тарыхын терең иликтеп, карап чыгыш керек. Бул боюнча илимий эмгектер, тарыхый булактар толтура. Анын бири Рашид-ад-диндин “Летопистер жыйнагы” (1310-1311-жж.) болуп саналат. Ушул китепти көп окуп, изилдеш керек! Кепти созбой китептин “О тюркских племенах, имевших своего государя и вождя” деген бөлүмүндөгү “Племя киргиз” деген темасын карайлы (150-151-беттер, түп нуска орусча, ошондуктан орусча берилет): “Киргиз и Кэм-Кэмджиут две области смежные друг с другом; обе они составляют: одно владение [мамлакат]. Кэм-Кэмджиут – большая река, одно стороною она соприкасается с областью монголов [Могулистан] и одна [её] граница – с рекой Селенгой, где сидят племена тайджиутов; одно сторона соприкасается с [бассейном] большой реки, которую называют Анкара-мурэн, доходя до пределов области Ибир-Сибэр. Одна сторона Кэм-Кэмджиута соприкасается с местностями и горами, где сидят племена найманов.

Племена кори, баргу, тумат и байаут, из коих некоторые суть монголы и обитают в местности Баргуджин-Токум, также близки к этой области. В этих областях много городов и селений и кочевники многочисленны Титул [каждого] их государя, хотя бы он имел другое имя, – инал, а родовое имя тех на этой области, кто пользуется уважением и известностью, – иди. Государь её был… [пропуск]. Название другой области – Еди-Орун, государя тамошнего называли Урус-инал.

В году толай, являющемся зайца, соответствующем месяцам 603 г., (1205-1207-ж.ж.) Чингис-хан послал гонцами к этим двум государям Алтана и Букра и призвал [их] к подчинению. Те послали назад вместе в ними своих эмиров, коих звали: Урут-Утуджу, Элик-Тимур и Аткирак с соколом, как выражение почтения  от младшего старшему, и подчинились [ему].

Спустя двенадцат лет, в год барса, когда восстало одно племен Тумат, сидевшее в Баргуджин – Токуме и Байлуке, для его покорения [монголы], из-за того, что оно было поблизости от киргизов, потребовали от киргизов войско [чарик]; те не дали и восстали. Чингис-хан послал к ним своего сына Джочи с войском. Курлун [был] их [киргизов] предводитель; [у монголов эмир], по имени Нока отправился в передовом отряде; он обратил и бегство киргизов и вернулся назад от восьмой реки. Когда подоспел Джочи, лед уже сковал реку Кэм-Кэмджиут. Он прошел по льду и, покорив и подчинив киргизов, вернулся назад”.

Бул окуяны окумуштуулар далай чечмелешти, далай иликтешти. Биз аларга токтолуп олтурбастан, Чынгыз хандын эли менен коңшу жашаган кыргыздардын жогорудагы 2 уруусун карайлы. Алар: Баргу менен Туматтар. Баргу менен Тумат урууларынын Баргуджин – Токумда жанаша жашап тургандыгы тарыхый булакта айтылып жатат. Баргунун Баргы уруусу экендигинде шек жок. Баргылар азыр дагы кыргыз элинин эң ири урууларынан. Менин айтайын дегеним, Туматтар жөнүндө болот. Ошол убакта Туматтар Баргылар менен бирге Баргуджин – Токумда турганы айтылууда. Тактап айтканда, Туматтар Баргы менен коңшу жашап жаткан уруу. Бирок, “Он эки жылдан кийин” Туматтар Чынгыз ханга каршы көтөрүлүш чыгарып жатышат. Тарыхый булакта «Туматтар баргынын бир бутагы болот» деп айтылган. Эмесе тарыхый булакты карайлык (Рашид-ад-диндин китеби, 122-бет): «Место перобывание этого племени было поблизости вышепоименнованной [местности] Баргуджин-Токум. Оно также ответвилось [от] родственников и ветви Баргутов (Баргылардын)”. Ошондуктан, туматтар түбүндө Баргы уруусуна кирген.

Маселен, Туматтар биздин Алайда азыр дагы бар. Ал гана турсун, ушулардын аты менен жердин аты да бар. Аталышы: Туматай (Тумат-ай). Ошондой эле Алайдын бели Чыйырчыктан ашып түшкөндөгү Жылуу-Суу деген жерде Коңураттар бар, алардын ичинде Тумат деген чоң урук бар. Туматай (Тумат-ай) жери да, Тумат уругу да азыр деле ошол жерде (Жылуу-Сууда) турат. Өздөрү Коңураттарга кирет. Ушул жерден Туматтар Чынгыз хандын убагында Баргылар менен коңшу жашаган болсо (же Баргылардын бир бутагы болсо), азыркы учурда эмне үчүн Коңураттар менен бир турушат? – деген суроо туулат.

Ага төмөнкү тарыхый булак айкын жооп берет (Рашид-ад-диндин китебинин 162-бети): “Во время Чингис-хана был один уважаемый эмир, которого называли Алчу ноёон. Он имел сына по имени Шинку-гурген. Чингис-хан выделил четыре тысячи мужей из других племен Кунгират и пожаловал ему: он отдал ему свою дочь Тумалун, которая была старше  Тулуй-хана, и послал его в область Тумат, до настоящего времени их потомки находятся там”. Бул жерде Чынгыз хандын чоң уулу Жуучу Туматтардын көтөрүлүшүн баскандан кийин, аларды такай көзөмөлдөп туруш үчүн Чынгыз хан Шинку-гурген деген күйөө баласына Коңураттардан 4 миң жоокер берип Шинну турган (күйөө бала) деген Коңурат күйөө баласына, башкартып коюуда. Ушул окуядан баштап Туматтар Коңураттардын ичине кирип калган. Оо, кийин ушул Коңураттар Баргылар менен Орто Азияга келгенде Алайда Баргылардын ичинде жыйын кылышкан.

Эми өтө маанилүү маалыматты келтирели, бул жогорудагы сөздөрүн уландысы:  “Баяудай-Харбатан принадлежит к ним (Коңурат) и пришел оттуда. Баяудай из [племени] Олкунут, которое является ветвью Кунгиратов”.  Муну окумуштуулар көрбөй калышкан же “байкабай” коюшкан. Менин тарыхый табылгамын негизгиси ушул! Мында “Баяудай” – Олкунут уругунан болуп жатат. Олкунуттар болсо, Коңураттардын ичине кирип жатат.

Жогорудагы “Баяудай” дегенге окурмандар түшүнбөй калышы мүмкүн. Ал орус окумуштуусу Е.Кычановдо “Маалих Баяудец” деп берилген (Евгений Кычановдун “Жизнь Темучжина, думавшего покорить мир” китеби, 40-бет). Ошол Маалих Баяудец тарыхый булактарда Баягудай, Баяудай (кыргызча “баягыдай”) деп айтыла берет. Маалих Чынгыз хандын 11-атасы болот. Ушул Маалихти Е.Кычанов “чачы сары, көзү көк Енисей кыргыздарынан” деп берген. Ошол Маалих Баяудец (Баяудай Маликтин уругунун аты) Коңураттардын бир бутагы болгон Олкунуттардан болуп жатат. Демек, Олкунаттар Коңураттардын бир бутагы болгондон кийин, алар Коңурат болушат! Анда, Маалих Баяудец (Баяудай, Баягудай, “Баягыдай”) да Коңурат болуп чыгат! Ал эми Е.Кычанов “Маалих Баяудец кыргыз болгон” деп гана жазган. Бирок, ал кайсы уруудан экенин аныктай алган эмес. Эмесе, сөз ирети менен бослун.

Наал эже – Алан-Гоабы?..

Чыңгыз хандын 11-муундагы энеси “Алан-Гоа (Гоо)” деп аталат. Бул кытайча аталыш болуп саналат. Ал эми Тамерландын небереси Мирзо (Мырза) Улукбектин “Турт (төрт) улус тарихи” деген китебинде Чынгыз хандын ошол түпкү энеси “Алан Кува” (кубакай, куу) деп берилет (Мирзо Улукбек “Турт улус тарихи” китеби, 72-бет, 1994-ж. Ташкент).

Ал эми кыргыз санжырасында болсо, Наал эжебиз “өңү серт, куу” деп айтылат. Т.а. ал көрүнүш Улукбектин эмгегинде “Алаң куу” деп эле берилип жатпайбы. Мурда сулуу болсок керек, кийин ала басып кеткен окшойт. Негизи, Адигине менен Тагайдын эжеси кыргызча “Наал” деп айтылса, кытайча “Алан”, ал эми Мырза Улукбекте “Алаң” деп айтылууда. Үч вариантта тең 4 тамга менен эле берилип жатат. Бул өзгөчө көңүл бура турган нерсе!

Негизи, Могол, Монгол, Моңгол (Моңол, Мунгуч – Мунгуш, моңголчо Мунхаг) баары эле бир маанини түшүндүрөт. Мында “Мун” деген сөз кыргызча “Муң”(…(оол)) (кайгы) дегенди билдирет. Ал эми “Мон” – “Моң” ошол эле “Мун” болот. Калгандары: “Ол”, “хаг”, “гуч”, “гуш” негизги “Муң” (мун) сөзүнө уланды мүчөлөр. “Монгол” деген сөз Алан гоонун бешинчи уулу Бодончар (Бозончар) мунхагтын  атынан келип чыккан. Ошол Бозончар төрөлгөндө моюну – бир омурткасы кем “бир моюн” болуп төрөлүп, көп ооруйт, көп ыйлап жүрүп чоңоёт. Ошондуктан, Бозончарга (Бодончарга) жабышкан “муңхаг” деген ат “муңгуч, муңгуш” деген эле сөздү түшүндүрөт. Буга бир өтө кундуу далил келтирели (Е.И.Кычановдун “Жизнь Темучжина думавшего покорить мир” китеби, 8-бет): “Создав свое государство Хамаг монгол улус в середине XI в., монголы называли его “мунгу”.   Дагы бир кытай булактарында (XII кылымда) Монголдор: мэн-ку, мэнгули, мангуцзы, менгу-го аталышкан (Сокровенное сказание. 208-бет). Мында “Мунгу”, “Мангуцзы” деген сөздөр кыргыздын “Мунгуш” деген эле сөзүнө жакын болуп турбайбы.

Эми ушул жерден академик С.А.Козиндин котормосундагы “Чингисхан. Сокровенное сказание монголов. Великая яса” деген китепти карайлы (моңголдордун ушул “Тайная историясы” 1264-жылы жазылган, 12-бет): “Обратившись к брату, Дува сохор сказал: “Средь тех кочующих к реке людей в кибитке на высоком передке сидит прекрасная девица. И коли она, давай сосватаем её тебе, брат Добун мэргэн”.

И, сказав сии слова, послал он Добун мэргэна взглянуть на девушку. Показалась она Добун мэргэну: и лицом красна, и телом ладна, да рода знатного, да ещё” не сватана. А зовут – Алан гоо.

Отец Алан гоо – хорь тумэдский ноён Хорилардай мэргэн, а мать – Баргужин гоо;  родилась Алан гоо в уделе хорь тумэдов в местности, называемой Ариг ус (узун) (өзөн). Её мать Баргужин гоо – дочь Баргудай мэргэна, вождя племени Хул Баргужин тухумов, чьи земли лежат в дальний дали. А люди, с которыми кочевала Алан гоо, стало быть, племя её отца – Хорилардай мэргэна (туматтар)”. Бул жерде Туматтар “тумэд” деп берилген. Негизи, экөө бир эле ат, ал Тумат деп аталат.

Жогоруда Алан гоанын өзү жана апасы Баргы тукумунан экени так айтылып турат! Ал эми атасы Харилардай мерген Баргылардын бир бутагы болгон туматтардын башчысы болуп жатат. Демек, Чынгызхандын түпкү тага журту Баргылар болгон! Ал эми Алан гоонун өзү хор тумэд (Тумат) уругунун бийи Хорилардай мергендин кызы экени айтылууда. Кийин Хорилардай мергендин атынан Хорилар уруусу деп аталышыптыр. Китепти дагы улантып окуйлу: “Хорилардай мэргэн отошел от пределов хорь тумэдских по причине раздоров, вспыхнувших меж близживущих родов, кои желали отвоевать друг у друга уделы, обильные зверем – соболем и белкой. Хорилардай мэргэн и люди его обособились, и прозвались они племенам Хорилар (Көрүлдар) по имени ноёна своего. Прознав, что в окрестностях Бурхан халдуна зверя в изобилии, хориллары перекочевали в удел Шинчи баяна урианхайского, который поставил на горе Бурхан халдун кумира для поклонения духам – хранителям той горы. Итак, сосватал Добун мэргэн прекрасную Алан гоо, дочь хорь тумэдского ноёна Хорилардай мэргэна, родившуюся в местности Ариг ус, и стала она женой его.

У Алан гоо и Добун мэргэна родились два сына – Бугунудэй и Бэлгунудэй. По прошествии времени как-то раз Добун мэргэна взошел на сопку Тогоцог поохотиться; в лесу он наехал на одного урианхайца, убившего оленя – трехлетку и теперь поджаривавшего его ребрышки. Приступив к нему, Добун мэргэн сказал: “Истинно говорю тебе: спознаешь друга, когда с тобою он поделится добычей!” (Бул жерде шырлага жөнүндө айтылып жатат.  Ошол аймактын ээси Добун мерген экенин эске алуу керек!).

Охотник – урианхаец отсек голову оленя с сердцем и легкими взял себе (по древней традиции монголов охотник не отдавая другим голову, сердце и легкие убитого им животного, дабы в будущем его не покинула охотничья удача), а остальное мясо отдал Добун мэргэну. Когда, нагрузив на коня тушу оленя, Добун мэргэн возвращался домой, по дороге он наехал на изможденного, оборванного человека, ведшего за руку отрока (Бир бечаранын абалын сурап жатат).

“Какого  рода – племени ты будешь?” – спросил у него Добун мэргэн. На это бедняга отвечал: “Сам я из племени Малиг баягудай (это племя во времена Чингисхана жило в долине реки Селенги и было его союзником в борьбе за объединение всех монгольских племен). Я голоден и выбился из сил.

Прошу, дай мясо мне для пропитанья. Тогда отдам тебе я в услужанье сына своего”.

Добун мэргэн согласился и отдал голодному бедняге ляжку оленя, а сына его увел с собою. С тех пор отрок прислуживал ему” (ушул китептин 13-бети).

Мына, Малик Баягудай кантип Добун мергендин үй кызматкери болуп калганынын окуясы ушундан көрүнүп турат. Мында дагы Маликтин Баягудай уруусунан экени айтылууда. (Баяудай, муну Е.Кычанов Маалих баяудец деп тарыхка киргизген). Эми андан ары улантып окуйлу:

Легенда об Алан гоо

“По прошествии многих дней Добун мэргэн скончался. По смерти Добун мэргэн вдова его, Алан гоо, родила трех сыновей и дала имени – Бугу хатаги, Бугуту салжи и Бодончар мунхаг (акыркысы болжолдуу 970-жылы туулган), что значит Бодончар – простофиля.

Родившиеся во дни здравия отца своего Бэлгунудэй и Бугунудэй в тайне  от матери Алан гоо говорили такие слова: “Мать наша, ни родичей отца, ни прочих мужей не имея, троих нам братьев родила. Но в доме нашем все же есть один чужой мужчина: слуга из племени Малиг баягудай (бул баягудай, баяудай Коңуратка кирген Олкунут уруусунан экени жогоруда айтылбадыбы). Должно быть, дети от него”. Бул жерде Алан гоа Малиг баягудайдан дагы 3 уул төрөгөнү айтылып жатат. Ушул окуяны Алан гоо кандайча жөнгө салганы төмөндөгүдөй айтылат (Алан гоо болсо Добун мергендин ордуна ошол элди бийлеп калган падыша аял болгон).

Прознав, что в тайне от нее старшие сыновья ведут такие речи, Алан гоо однажды по весне сварила вяленое мясо, накормила им сыновей своих – Бэлгунудея, Бугунудэя, Бугу хатаги, Бугуту салжи и Бодончар мунхага (мунгуч), посадила их в ряд перед собой и, дав каждому из них по стреле, сказала: “Переломите!”. Что те легко и сделали. Когда же Алан гоо, связав пять стрел вместе, дала каждому из них о словами: “Переломи!” – никто из них не смог сломать связку.

Тогда она сказала: “Бэлгунудэй, Бугунудэй, сыны мои! У вас явились недоуменья, как это ваша мать троих вам братьев народила и чьими будет эти сыновья. В своих сомнениях сыновьих вы правы. Но вам неведомо одно лишь  только.

И истинно вам это говорю: к нам в юрту каждой ночью через орхо (это фортух, прикрывающий тоно-дымовое  отверстие в крыше монгольской юрти) посланец Неба нисходил, вокруг сиянье исторгая. Он гладил чрево грешное мое, сияние его в меня входило. Когда ж луна должна сойтись и разминуться с солнцем, он, словно желтый пес, виляющий хвостом, поспешно уходил; и яркий свет за ним струился. Ужели нужно что-то молвить боле. Ведь ваши братья – неба сыновья.

И заповедала им мать Алан гоо: “Из чрева родились не одного ли вы, пятеро сынов моих?! И коли разлучитесь вы друг с другом, любой из вас легко врагом повержен будет; точь в точь как та стрела, которую в с легкостью такого преломили. Но коль родство и дружество меж вами укрепятся, вы уподобитесь той связке стрел, которые не так уже легко сломать; и вас, сыны мои, не просто будет одолеть злым силам!.

Так они жили, до коле матери их, Алан гоо, не стало”.

Ошентип, Алан гоо да өтөт дүйнөдөн…

“Сокровенное сказание” боюнча Добун мерген менен Алан гоанын 2 уулунан: Бэлгунудэйден – Бэлгунуд уруусу, Бугунудэйден – Бугунуд (Бугу) уруусу тарайт.

Ал эми Маалих Баяудецтен (Баяудайдан) Алан гоо 3 уул төрөйт; чоңу Бугу хатачиден – Хатагин (Катаган) уруусу, ортончусу Бугуту салжиден – Салжуд уруусу, кичүүсү Бодончар мунгучтан – Борджигин уруусу тарайт.

“Сокровенное сказаниеде” Бодончар мунхаг деп айтылат. “Мунхаг” деген сөз кыргыздын “мунгуч, мунгуш” деген сөздөрүнө жакындашат деп жогоруда айтпадыкпы. Себеби, Бодончар “бир моюн” болуп төрөлүп, моюну көп ооругандыктан, кичинесинде ыйлап жүрүп чоңойбодубу (бул маалыматтар тарыхый источниктерде бар). Ошон үчүн аны монголчо “мунхаг” же кыргызча “муңгуч” деп коюшкан. Бирок, ал өтө эстүү, баатыр жигит болуп чоңоёт да, 15 жашында хан болот. Боданчар Мунхагдын (мунгуштун) 15 жашында хан болушу Мырза Улукбектин “Төрт улус тарыхы” китебинде бар (67-бет).

Эми  ошол Мырза Улукбектин китеби боюнча Алан гоанын Малик Баяудайдан төрөгөн 3 уулунан таралган тукумдарды карайлы.

Чоңу Бурхундан: Кабакай жана Катаган. Ортончу уулу Бусунгурдан: Сабахи, Салжиут. Ал эми кичүүсү Бодончар  мунхагдан (мунгучтан): Бука хан, андан Дутумун хан, андан Кайдыхан, андан Байсункар (Байшумкар) хан, андан Түмөн хан, андан Кувул хан, андан Кубилай хан, андан Бартан баатыр хан, андан Эсегей баатыр хан, андан Чынгыз хан.

Көрүнүп тургандай, Есугей баатырдан Чынгызхан туулат. Мына ошентип, биз жогоруда Чынгыз хандын ата-бабаларын Малик Баягудайдан ылдый тартып тизмектеп келдик. Ошентип, Чынгыз хандын түпкү атасы – Бодончар мунгучтун атасы Малик Баяудец экени белгилүү болду! Муну Евгений Кычановдон башка да көптөгөн окумуштуулар айтышкан. Мисалы, орус окумуштуусу Березин “Алан Гоанын үч уулу кыргыздан туулган” десе, анын пикирин аалым П.Рачневский дагы колдогон.

Бирок, бардыгы Алан Гоанын күйөөсү Добун мерген өлгөндөн кийин төрөлгөн үч уулунун атасы Малик кыргыздын кайсы уруусунан экенин айта алышкан эмес. Көрсө, ал кыргыздын Коңурат уруусунан экен. Ал эми ушул Коңураттар мурда Баргуджин-Токумда (дагы Баргылар менен бирге болушса), азыр Алайда дагы Баргылар менен бирге турушат. Чынгыз хан ушул Коңураттардан чыгып жатат! Жогоруда Рашид-ад-диндин китебинин 162-бетинде: “Баяудай из (племени) Олкунут, которое является ветвью кунгиратов» деп айтылганын келтирбедимби. Аны бекер айтып жаткан жерим жок. Себеби, мында Малик Баяудайдын кайсы урууга таандык экени айтылып жатат. Ал Коңурат уруусуна таандык!

Баргы  уруусу менен Коңурат уруусунун жакындыгы

Демек, Чынгыз хандын ата тарабы (түпкү II ата) Коңураттарга таандык Олкунут уругунун адамы Маликтен кетсе, эне тарабы болгон Алан Гоа Баргынын бир бутагы болгон Тумед (Тумат) уруусунан болсо, анын апасы Баргужин гоо түз эле Баргы (Баргуд) уруусунан болуп жатат. Алар жөнүндө жогоруда айтылды.

Эми бул аздык кылса, ушул Баргы уруусу менен Коңурат уруусунун жакындыгын Абулгазы бахадыр хан бин Араб Мухаммед өзүнүн «Түрк санжырасы» деген эмгегинин экинчи бабында (томунда) мындай деп баса белгилеп кетиптир («Кыргыздар I” китеби 35-бет): “Курлейит  Баргут (Баргы) уругу. Бул экөөсү тең магул турур. Магул ичиндеги Коңуратка жакын болор. Каадим журту да Коңурат менен бир болор”. Мындан артык эч нерсе айтууга болбойт! Ал эми кыргыз элинин санжырасында Нухтан Яфес, андан Түрк, андан Түтөк, андан Элчи  хан, андан Бакухан, андан Күйүкхан, андан Аленче хан, андан Татар жана Могол хандар тарайт. Могол хандан Карахан, андан Угузхан, андан 6 уул тарайт: Күнхан, Айхан, Жылдызхан, Көк хан, Тоо хан, Деңиз хан.  Көк хандан Жете, Жетеден Коңурат жана Тайчык тарайт. Ал эми Тоо хандан Кыргызхан тарайт. Демек, түрк элдеринин санжырасында да Коңураттар менен Кыргыздар (анын ичинде Баргылар) бир эл болуп жатат. Аталары Көк хан менен Тоо хандан таралып жатышат. Мында Коңурат Көк кандын небереси. Ал эми кыргыз Тоо кандын уулу болуп жатат.

Чынгыз хан түпкү тегин билгенби?

Жогоруда Чынгыз хандын түпкү тегин айттык. Ал эми Чынгыз хандын апасы да, аялы дагы Коңурат кызы болгон, ошондой эле чоң атасы Бартан баатырдын аялы – чоң энеси Баргы  кызы болот экен. Бул жөнүндө “Чингисхан, Сокровенное сказание монголов. Великая яса” китебинин 334-бетинде мынтип айтылып турат: “Бартан-батор был дедом Чигисхана. По-монгольских деда называют эбугэ. Он имел старшую жену по имени Сунигил – фужен, из племени Баргуд (Баргы): от нее он имел четырех сыновей”. Мында “Сунигил” деген сөз кыргызча Соногул деген эле сөз.

Кыскарта айтканда, тарыхка “монгол” (могол, моңол) деп кирип кеткен эл кыргыздар эле болот. Алар жөнүндөгү маалыматтар кытай, орус ж.б. булактардан бизге кайрылып жеткенде кыйла сөздөрү түшүнүксүз болуп калат экен. Бирок, азыр Монголияда жашап жаткан монголдор менен Чынгыз хандын  убагындагы “монголдордун” (кыргыздардын) кайнаса да каны кошулбайт, тили да бир эмес. Азыркы монголдор жер бошоп калганда (кийин) келген кара кытай, манжурлар менен калмактардын кошулмасынан жаралган калк.

Жогоруда Алан гоонун күйөөсү Добун мерген өзүнүн элигинин этине бир баланы алмаштырып алып жатпайбы. Ошол баланын атасынан Добун мерген сурайт: “Какого рода – племени ты будешь?”-деп. Анда тиги киши айтып жатат: “Сам я из племени Малиг баягудай”,-деп. Аны Рашид-ад-дин өзүнүн “Летопистер жыйнагында (162-бет): “Баяудай из [племени] олкунут, которое является ветвью кунгуратов”-деп ташка тамга баскандай айтып жатат! Ушуну Чынгызхан жана анын тукумдары билбей калганбы? Билген, билгенде да өтө так билишкен! Анда эмесе орус окумуштуусу Евгений Кычановдун “Жизнь Темуджина, думавшего покорить мир” деген китебинин 152-бетинен окуйлу: “Чингис-хан узаконил в качестве брачных партнеров императорского рода. “Когда в роде хунгиратов рождаются девочки, они из поколения в поколение становится императрицами; когда рождаются мальчики, они из поколения в поколение женятся на принцессах. Пусть непрерывно из поколения в поколение объявляют этот жалуемый указ в первую луну четырех времени каждого года». Чынгызхан жана андан тарагандар өздөрүн Борджигин уруусунанбыз дешсе дагы (аныгы Есугей баатырдан тартып эле Кыят Боржигин деп атала башташкан), бирок, түпкү башат теги Коңураттардан чыкканын билишкен. Анын үстүнө Чыңгыз хандын апасы да, аялы Борте дагы Коңурат кыздары болуп жатпайбы. Ошондуктан, Чынгызхан ушундай типте атайын Указ чыгарып жатат! Бул жөн жерден эмес. Себеби, алар өздөрүнүн түбү Коңураттан экенин билген! Ошондуктан, атайын мыйзам (яса) чыгарууда.

Ошондой эле Чынгызхандын түпкү тайэнелери (Алан-Гоа жана анын апасы)  Баргы уруусунан. Ал аз десек, Бартан баатыр чоң атасынын аялы Соногүл (чоң энеси) Баргы  кызы экенин да билген! Буга да далилди келтирели. Баргыларды урматтап сыйлаганы мындан билинип турат (“Великая книга ясы” и “Билик” Чингисхана” китебинин 293-бети): “Еще он (Чингисхан) сказал: “Всякий мальчик, родившийся в Баргузин Тухуме (ошол кезде Баргылар турган жер) будет умным и мужественным воином-богатырем, знающим и сметливым мужем без руководства и наставлений; всякая девушка, родивщаяся там, будет прекрасна без причесывания и украшений”. Чынгыз хан өзүнүн тага журтуна (Баргыларга) ушундай баа берип жатат! Алардын жигиттери туулганынан эле тубаса акылдуу баатыр, кыздары туулганынан эле тубаса сулуу, эстүү болушат деп айтып жатат.

Демек, жогорудагыларга негизденип; Чынгыз хандын ата журту Коңураттар, тага журту Баргылар болгон деп айтсак болот! Бекер жерден кыргыздар: “Эр тагайын тартат”,-деп айтпаптыр. Чыңгыз хан Баргы тагаларын тартып, “умным и мужественным воином-богатырем” болуп чыкты!

Чынгызхан негизи, Малик Баяудайдын (Баяудец) Коңурат экенин билет экен. Ошондуктан, өз заманында Коңураттардын бийлерин балдарынан жогору төргө отургузган (бул маалымат “Сокровенное сказаниеде бар). Себеби, коңураттар ата журту болуп жатпайбы. Кийин балдарына (тукумдарына) осуят калтырып жатат: “Коңураттан таркаган кыздар принцесса болушсун, ошолорго үйлөнгүлө, ал эми балдары мырзалар (эл башкаруучулар) болсун”-деп.

Ошондой эле Баргыдан таркаган уулдарды окутуштун кереги жок, алар тубаса акылдуу жана баатыр болушат деп жатат. Ал эми кыздары боёнбосо деле табиятынан сулуу жана эстүү болушат деп айтып жатат. Демек, Чынгыз хан тага журтун т.а., түпкү энелери жана чоң энеси тарапты да терең урматтаган!

Моголдор (муңгуштар) кайдан чыкты?

Эми “Монгол” деген сөздү чечмелейли. Ал жөнүндө “Чингисхан. Сокровенное сказание монголов. Великая ясы” китебинин 306-бетинде мындай деп айтылат: “Корень слово “монгол” есть мунг-ул (муң-уул) (Бул жерде Борджигин мунхагты эстейли). Народ уклоняясь от точного выговора, со временем стал произносить «монгол». Слово «мун», известное всем тюркам, значит «печальный», значит «угрюмый», потому «монгол» значит: «печальный, угрюмый» (Мунгул, Муң уул, Мунхаг, Мунгуч, Мунгуш).

Эми дагы бир маалыматты карайлы: “В этом племени девять человек были царями: первый из них – Монгол (Могол) – хан, последний – Ильхан…

Иль-хан был государем монгольского народа. Прежде мы говорили, что девятым ханом татарским был Сююнуч-хан: Иль-хан и Сююнуч-хан были современники (Экөө “современники” гана болбостон, түпкү тегинде бир тууган да болуп калышат: Аленчеден-Татар, Могол). Между ними происходили непрестанные битвы и грабительские набеги. Иль-хан оставался победителем, потому Сююнуч-хан отправив посла, с большими подарками, к киргизскому хану и обещав еще большие впоследствии, склонил его к союзу с собою.

Страны татар были многолюдны;  жителей в них было более, нежели во всех монгольских  поклонениях, но так как один раз непрестанное с другим вел междусобные битвы, то монголы их побеждали. В татарских землях не было ни одной, где бы раздавался голос монгола, куда не доставала бы рука его, потому все татарские уделы стонали от монгольских притеснений.

Сююнуч-хан, подружившись с киргизским ханом, разослал по всем татарским землям послов с приказами, чтобы на помощь ему народ в такой-то день собрался на известном месте, дабы отомстить монголами за зло, ими сделанное. Жители означенных земель, собравшись в одно место, пошли на монголов». Андан аркы окуя монголдордун кырылуусу менен бүтөт.

Кийин кайра моголдор жеңет. Мында, так эмес болсо дагы кыргыздар менен жалпы эле көчмөн түрк элдеринин санжырасы айтылып жатат. Ошол улуу санжыра боюнча Нуктан-Яфес-андан-Түрк-андан  Түтөк-андан Элчихан-андан Бакухан-андан-Күйүкхан-андан-Аленче хан – андан эки уул: Татар, Могол тарайт (Бул Угуз ханга чейинки санжыра). Жогорудагы согуштар ушул экөөнөн тараган элдин ортосундагы эле согуштар. Башкача айтканда, түбү бир элдин (кыргыздардын) бири-бири менен согушуп жаткан көрүнүшү. Мында “монгол” деген сөз «мунг-ул» деген сөздү түшүндүрөөрү айтылып жатат. Бул кыргызча айтканда «муң-ул», «муңдуу-уул», “муңгуч” дегенди түшүндүрөт. Кандай болгон күндө да Могол (моңол, монгол, кыргыздагы мунгуч, мунгуш) тарыхын кыргыздардын тарыхы катары кароо зарылдыгы келип чыгууда. Ушул багытта (Чынгызхан, могол, кыргыз) Улуттук илимдер академиясынан атайын бөлүм ачып, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү бүгүнкү күндүн талабы!!!

Ушул жерден дагы бир жолу кайталайын: Чыңгызид “монголдор” (моголдор – кыргыздар) менен азыркы Монголиядагы монголдор бири-бирине эч жакындашпайт. Азыркы Монголиядагы монголдордун генинде манжурлардын, кара кытайлардын каны дээрлик 90%ды түзөт.

Эми, Мирзо Улукбектин “Төрт улус тарихи” деген китебинин 57-бетин карайлы, анда мындай маалымат бар: “…Мугул калкы… ушунчалык катуу кармашып, баары кырылышты. Айтылып калган сөздөргө караганда, Каён ибн Элхон менен асыранды баласы Нукуз, эки аял, алардын сиңдилеринен тышкары, бирар адам бу урушта тирүү калбады. Бул окуя, айтышкандай, Угузхандан миң жыл кийин болгон. Баази бирөөлөрдүн пикиринде, бу утулуш маалында кырк кыз (кырк гуз) бир тарапка качып кетишет. Дагы отуз жигит башка бир тарапка качышат. Ошол кырк кыз (кырк угуз) насилинен кыргыздар пайда болгон. Отуз оглан тукумунан отуз уулдар тараган”. Бардык санжырачылар жана тарыхчылар да Угузханды Хунндардын чоң бийи Моде (Маодунь) деп айтып, жазып келишүүдө. Демек, Мырза Улукбектин “миң жылдан кийин” дегени да туура. Кантсе да, бир чоң кыргын болгон… Маселен, “Сокровенное сказаниеде” кыргыздар “Татар” менен биригип кетсе, “Төрт улус тарыхта” кыргыздар “Мугул калкы” болуп калып жатат.

Кантсе да, жогоруда көрүнүп тургандай, кырк огуздан кыргыздар, отуз огулдан отуз уулдар келип чыкканы көрүнүп турат. Экөө тең эле кыргыздар болуп саналат.

Бул жерде “Мугул калкы” деп кыргыздар айтылып жатат, ошол сөзгө өзгөчө көңүл буруу керек. “Мугул калкынан” кыргыздар жана отуз уулдар тарап жатпайбы. Демек, Моголдор (мугулдар) менен кыргыздар бир эле эл экени көрүнүп турат. Ошон үчүн Моголистандын тарыхы кыргыздардын тарыхы да болуп саналат. Бекер жерден Мухаммед Хайдардын эмгегиндекыргыздар “Моголистандын арстандары” деп аталышпаган. Деги эле; Могол, Моголистан, Улуу могол тарыхында бүткүл кыргыз уруулары катышып жатканы бекер эмес. Кантсе дагы, Чынгыз хан түзгөн эбегейсиз зор империяны башкарган “Монгол (Могол), Татар” деген элдин түбүнө үңүлө караганда, алар  кыргыз болуп чыга келүүдө. Маселен, Чынгыз хандын убагында кездешкен: Баргы, Тумат, Коңурат, Катаган, Бугу, Баарын, Меркит, Найман, Мунгуш ж.б. урууларды ким кыргыз эмес деп айта алат?!

Кантсе дагы, Чынгызхан өлөөрүндө өзү түзгөн улуу империяны төрткө бөлүп, 4 уулуна энчилеп берген. Ал өлкөлөр: Алтын ордо, Ильханият, Могулстан, Улуу Журт. Кызык жери – азыркы Кыргызстандын аймагын кошо камтыган мамлекет Могулстан (Моголстан) деп аталган! Эмне үчүн башка өлкөлөрү ар түрдүү аталат дагы, Кыргыз жерин камтыган мамлекет гана “Могол, Могул” сөзүн сактап калган? Себеби, бул эң маанилүү маалымат. Анткени, Моголстан кыргыздардын өлкөсү болгон.

Ушул макаланы орус элинин эки окумуштуусунун илимий көз караштары менен жыйынтыктагым келет. Маселен, Б.Я.Владимирцов: «В XII в. аристократический род Хабул-хана носил имя Боржигин и принял название «Монгол» после того, как подчинил себе и объединил несколько соседних родов и племен, образовав таким образом, единое политическое целое, один род – улус; этому-то улусу и было дано имя Монгол в память славного имени какого-то древнего и могучего народа или рода», –деп туура айткан.

Ал эми орус элинин улуу окумуштуусу Н.А.Аристов Кыргыз санжырасын, тарыхты изилдеп келип мындай деп жазган: «Имени монгуш, монкондор (в «Си-юй-ту-чжи»), монульдыр, мунулдыр, монылдыр (все это у Чокан Валиханова у статье «Поездка в Кашкар»), монгулдар и монгулджар (у г.Загряжского), молдур (у Северцова) кажутся разными производными формами имени Монгол. Это, а также отделение Монгол и Монгушей и монгольская форма имен еще двух отеделений (кудагачин и тулейкен), дает достаточные основания считать монгушей союзом из разнородного сбора, составившимся под главенством остатков джагатаидских монголов, оставшихся верными кочевой жизни и нашедших убежище в горах между Кашкаром и Ферганой после падения власти  джагатаидов и в Кашгаре. Китайцы, 1759 году, по «Си-юй-ту-чжи», нашли монгушей (монкондор – монголдор) на нынешних их местах, в числе около 700 семей, под управлением Адзи-бия», – деп жазган. Албетте, мында муңгуштар Кашкар менен Фергананын ортосундагы чагатай моңголдору менен аралашуусунан келип чыгышы мүмкүн деген ой айтылып жатат.

Сөзүмдүн акырында айтаарым: Кыргыз элинин тарыхы дың бойдон турат. Ага мамлекет жетишээрлик деңгээлде каражат бөлүп, ар жеринен бөлө-жула изилдебей, бүткүл дүйнөлүк тарыхый булактарды системалуу түрдө, терең анализдеп, талдап, иликтеш керек. Антпесек, кыргыз тарыхы бизге ачылбайт. Ушундай орошон эмгекти ишке ашыруу азыркы жана келечек муундун милдети.

Бегиш Ааматов, легендарлуу парламенттин депутаты, коомдук ишмер, тарых иликтөөчү 

Материалды жазып, даярдаган Азизбек ЧАМАШЕВ

Чамашев

Солдон оңго: А.Чамашев, Б.Ааматов