Валюта  рыногунда  долларга суроо-талап өскөн кым-кууттуктан анын куну өсүүдө

Чет элдик валютага болгон суроо-талапты басаңдатуу максатында Улукттук банк 4-февралда 11 млн., 5-февралда 36,45  млн.  долларды валюта рыногуна чыгарды.  Белгилей кетсек,  Улуттук банк  январь айында да 64 млн.дон  ашык  доллар менен валюта рыногуна интервенция жасады. …
Толугу менен »

Бүгүнкүдөй кыйын шартта насыя алган ишкерлерге мамлекет тарабынан жардам иретинде иш-чаралар көрүлбөй жатат

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Дастан Жумабеков жана Надира Нарматова ири салык төлөп, мамлекеттик казынанын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн ишкерлер бүгүнкү күндө кыйын абалга кептелгендиги боюнча маселе көтөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.…
Толугу менен »

Доллардын баасы көтөрүлүүдө

Борбордун   акча алмаштыруучу жайларында эртең мененки  долларга болгон баа 60,80 сомду (сатып алуу) жана 61,00 сомду (сатуу) түздү. Мурда 2015-жылдын 15-январында Бишкекте доллардын базарлык баасы 60,70 сомду түзүп, тарыхый чоң баага жеткен. Ал эми Улуттук…
Толугу менен »

Энергетика: тариф арзандады

Февраль айынан тарта электр энергияга болгон баа арзандады. Бул тууралуу отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Нурбек Элебаев билдирди. Мындан ары айына 700 кВт сааттан ашык колдонгон абоненттер 1 сом 82 тыйындан төлөшөт.  Эске…
Толугу менен »

Алма баккан Сабыт ака

Баткен районунун Катраң айылынын жергиликтүү тургуну Сабыт Саттаров алма сактап сатуунун көп сырларын жакшы билет. С.Саттаровдун айтымында, ал жылына 15 тоннага чейин алмалардын «семерянка», «жанатан», «голден 6», сортун атайын өзү курган жер төлөдө сактайт. Ал…
Толугу менен »

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрайымы болуп Н.Ахметова шайланды

КР Президентинин аппаратынын каржы-экономикалык анализ жана өнүгүү мониторинги бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Экономика министрлигинен маалымдашты. Маалыматка ылйык, бул жөнүндө Өкмөттүн токтому чыга элек, бирок бүгүн чыгышы керек.…
Толугу менен »

Улуттук банк сомду колдоо үчүн 11,9 млн сом валюталык интервенция жүргүздү

Кыргызстандын Улуттук банкы кечээ, 3-февралда 11 млн 900 миң сом өлчөмүндөгү валюталык интервенция жүргүздү. Бул тууралуу КРУБдун сайтында маалымдалды. Улуттук банк январда жалпысынан 60 млн 470 миң сомго 4 интервенция жүргүздү. 13-январда Улуттук банктын резервдери…
Толугу менен »

Калкты негизги дары-дармектер менен толук кандуу камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

Кыргыз Республикасынын “Патент мыйзамына” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору  бүгүн, 3-февралда 2-окуу да Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин кезектеги жыйынында каралып, жактырылды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Галина Скрипкина,…
Толугу менен »

Алексей Миллер: “Газпром” – ишенимдүү стратегиялык өнөктөш, ал өзүнө алган милдеттенмелерин убагында толугу менен аткарат”

Өкмөттүн кезексиз жыйынында корутунду сөз сүйлөгөн “Газпром” ААК Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин айтымында, Кыргызстандын жаратылыш газы менен камсыздалышын азыркы 22%дан 60%га чейин жеткирүү реалдуу максат. Генералдык схемага ылайык газ республиканын бардык жети облусуна жеткирилет, анда…
Толугу менен »

Бишкектеги эң кымбат үйлөр салынып жаткан көчөлөр (баалар)

Турак жайдын 1 чарчы метрине болгон баасы аны куруу жумушуна кеткен каражаттан көз каранды. Ошондой эле, ага материалдардын баасы кошулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушчулары жана инвестициялар ассоциациясынын төрагасы Нарынбек Сариев Tazabekке…
Толугу менен »

Салык кызматынын жыл жыйынтыгы

Бүгүн 30-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 2014-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча ведомствонун коллегиясынын отуруму өттү. Коллегиянын ишине КРнын Биринчи вице-премерь-министри Тайырбек Сарпашев, Мамлекттик салык кызматынын төрөгасы Замирбек Осмонов, коллегиянын мүчөлөрү, борбордук аппараттын башкармалыктарынын…
Толугу менен »

Доллар  өссө куруучуларга пайда 

Доллардын курсунун көтөрүлүшү курулуш компаниялары үчүн  ыңгайлуу  болууда. Себеби,  курулган турак-жайларды  доллар  менен сатып,  ал эми керек болгон курулуш материалдарын сомго сатып алуу  курулушчулар үчүн   киреше алып келет. Ошентсе да киреше негизинен турак-жайдын шаардын кайсы…
Толугу менен »