букмекер12-

Эми мындан ары Кыргызстанда букмекердик конторалардын иштөөсүнө тыюу салынат. Мындай чечим Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Ал эми аталган  мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койгондон кийин  күчүнө кирет. Эгер мыйзамга кол коюлуп, кабыл алынгандан кийин дагы букмекердик конторалар иштерин уланта баштаса, анда аларды иштетип жаткан адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат.

Айнура Шайкеева