сариев

Бул  туурасында Экономика министрлигинин  коллегиясында  сөз болду. Министр Темир Сариевдин  айтуусунда бул кызматты  Соода-өнөр жай палатасынын  президенти айкалыштырып алып баруусу мүмкүн.  Ошондой эле министр өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун  кабыл алууну тездетүү зарыл деп эсептейт.  “Бул албетте,  жеңил  эмес иш. Мындай мыйзам аз кездешет. Бирок бул биз үчүн керек.   коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүдө  регулятордук система аз эмес роль ойной алат.  Бизге бизнес чөйрөнүн пикирине дыкат көңүл бурсак, кайсы жерде коррупциялык  тобокелчиликтер бар экенин  билүүгө болот”,- дейт Темир Сариев.

 Бегим ТУРДАЛИЕВА