удушье
 Бишкек шаарынын Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турак үйлөрдүн биринде түркиялык жарандын денеси асынып калган абалда табылды.

Укук коргоо органдары АКИpress агенттигине билдиргендей, кечээ, 24-декабрда саат 19:00дө милицияга элиталык батирлердин биринде асынып калган жарандын туугандары тарабынан чакыруу түшкөн.

Окуя болгон жерге барган оперативдүү топко белгилүү болгондой, денени каза болгон жарандын агасы менен эжеси тапкан. Туугандарынын айтымында, алар тууганы менен телефон аркылуу байланыша албай кечинде үйүнө барышкан. Бирок, тууганын үйүнөн да таппаган соң, анын аялы менен телефон аркылуу байланышкан. Ошол күнү эртең менен туугандарынын үйүнө кеткендигин айткан аялынын айтымында, анын күйөөсү үйүндө болушу керек болчу.

Андан кийин балконго чыккан каза болгон жарандын байкеси тууганын асынып турган абалда көргөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал өз өмүрүнө кол салуу менен куруна асынып алган.