высотки1
Турак жайдын 1 чарчы метрине болгон баасы аны куруу жумушуна кеткен каражаттан көз каранды. Ошондой эле, ага материалдардын баасы кошулат. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда көп кабаттуу үйлөрдүн курулушчулары жана инвестициялар ассоциациясынын төрагасы Нарынбек Сариев Tazabekке берген интервьюсунда билдирди.

«Мындан тышкары, бул суммага компания сатып алган же ижарага алган жер тилкесинин баасы кошулат. Аны менен катар баа жылуулук, суу, канализация, газ жана электр энергиясы сыяктуу инженердик түйүндөрдөн көз каранды.

Бишкек шаарындагы турак жайларга болгон баанын мониторинги көрсөткөндөй, учурда эң кымбат үй Киев көчөсүндө жайгашып, анын 1 чарчы метри $2173 түзөт.

Ал эми, эң арзан турак жай «Тунгуч» кичи районунда курулуп, анын 1 чарчы метрине $600-$650 талап кылынат.

Tazabek басылмасынын тандоосу менен Бишкектеги эң кымбат үйлөр салынып жаткан ТОП-10 көчөнү сунуштайбыз.

Жайгашкан жери

чарчы метри үчүн баасы

1

Киев көчөсү

$2173дан жогору

2

Бөкөнбаев-Тыныстанов көчөлөрү

$1400дан жогору

3

Эркиндик гүлбагы

$1300дан жогору

4

Дзержинский- Бөкөнбаев көчөлөрү

$1300дан жогору

5

Байтик Баатыр көчөсү

$1200дан жогору

6

Исанов көчөсү

$1200дан жогору

7

Токтогул-Исанов көчөсү

$1100дан жогору

8

Рыскулов-Т.Молдо көчөсү

$950дан жогору

9

Токтоналиев-Ахунбаев көчөлөрү

$900дан жогору