жаңы жыл1- жаңы жыл-

2014-жылдын 26-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев балдар үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болгон жаңы жылдык көрсөтүүгө катышты.

Иш-чарага өлкөнүн бардык региондорунан мектеп курагындагы 1100 бала чакырылды, алардын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык конкурстардын жана мелдештердин жеңиичүлөрү, балдар үйлөрүнүн окуучулары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар.

Балдарга «Шаттык» элдик үлгүлүү хореографиялык ансамбли жана Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары тарабынан даярдалган «Щелкунчик» жомогунун мотивдери боюнча жаңы жылдык көрсөтүү көргөзүлдү.

Жаңы жылдык спектаклдын аягында Президент Алмазбек Атамбаев балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап, аларга ден-соолук, бакты-таалай жана окууларына ийгилик каалады.

Мамлекет башчысы жаңы жылдык көрсөтүүгө катышкан ансамблдердин окуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдирди.

“Жаңы жылдык спектальды көрүп, менин өзүмдүн балалыгымды эстедим. Мен айылда чоңойгом, ал жерде кээде электр жарык да жок болор эле. Мен бир гана жолу жаңы жылдык балатыда болгом, ал күн дагы эле эсимде. Менин балалыгым, жетишпестик болсо да, мен үчүн бактылуу убакыт. Силерди көрүп, бизде ушундай балдар бар болгонума кубанам, демек Кыргызстандын жакшы келечеги бар”, – деп белгиледи Президент.

“Башка муун өсүп келе жатат, силер сыймыктана турган өлкөдө чоңоесуңар. Мен ал мезгилде биздин өлкөбүз жакшынакай өлкөгө айланышы үчүн баардыгын кылам. Адилеттүү жана бактылуу жашайм дегендердин бардыгына кенен жана ачык жол ачылат”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы балдарга билим алууга, тактап айтканда чет тилдерди окуганга өзгөчө көңүл бурууну кеңеш кылды. “Бул жашоодо бир нерсеге жетем десең, тилдерди окуш керек. Ата-энеңерден тил үйрөткөндү талап кылгыла. Ар бир Кыргызстандык жок дегенде бир нече тилди билиш керек”, – деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды эч качан кыйынчылыктарга моюн бербей, бардык коюлган максаттарга жетиш үчүн эрктүү болууга чакырды. Жаңы жылдык көрсөтүү бүткөндөн кийин балдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектер тапшырылды.